Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Батыштын сунуштарына Тегеран тагыраак жооп берүүгө тийиш


АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ күнү Вашингтон шаарында Италиянын тышкы иштер министри Массимо д'Алема менен жолукканда, Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча Вашингтон оң кабар укту, бирок ал тууралуу так белги болууга тийиш деп айтты. Ошондой эле пикир 16-июнда Брюсселде өткөн жыйында Европа Биримдиги кабыл алган резолюцияда дагы келтирилди. Ошол эле күнү эртең менен Иран президенти Махмуд Ахмадинежад Шанхай шаарынан сүйлөп, Батыш тараптан жасалган сунуштарга оң баа берген: "Жасалып жаткан сунуштарды биз алдыга кадам деп эсептейбиз жана мен биздин адистерден - аларды тыкан карап чыгууну сурадым. Ирандын улуттук кызыкчылыктарын эске алып, Кудай кааласа, биз ал тууралуу өз пикирибизди билдиребиз", - деди Иран президенти. Сунуштар июндун башында жасалган жана эгер Иран уран байытуу иштеринен баш тартса, ага бир топ соода жеңилдиктери менен алдыңкы технологиялар берилет.

XS
SM
MD
LG