20-июнда Кыргызстанга Россиянын байманалуу адамдарынын бири Виктор Вексельберг келет. Анын Бишкекте президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, Кыргызстанга инвестиция алып келүү маселелери боюнча сүйлөшүүсү күтүлүүдө. Россиянын эң бай адамдарынын катарына кирген Виктор Вексельберг мунай жана алюминий тармагында иштейт.