Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

АКЫЙКАТЧЫ ӨКҮЛДӨРҮ ТЕСТ СЫНАГЫНЫН ТАЗА ӨТКӨНҮНӨН ШЕК САНАШАТ


Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кабыл алууда тест сынагы киргизилгенине 3 жыл болду. Алгачкы жылдары эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен болочок кесип ээлеринин билимине калыс баа берилип келген. Бирок Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү соңку кезде бул тармак коррупциялашып кетти деп сынга алышууда.

Кыргызстанда тест сынагын уюштуруу милдети “Билимди баалоо жана окутуу усулдары” борборунун мойнунда. Дал ушул борбор ар кандай өңүттөгү катачылыктарды кетирүүдө, дешет Акыйкатчы институтунун адистери.

"Бул тестирлөөдө суроолор өтө татаал экен, аларга бөлүнгөн убакыт да аз. Ошого байланыштуу ошол тесттеги суроолорду алып мугалимдерге жана студенттерге берип көрөлү деп жатабыз,- деди Акыйкатчынын орун басары Таалайбек Кошоков.

Быйыл, жалпы тестирлөө 21-майда башталган. Анда жалпысынан 33 миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрү тестирлөөдөн өтүштү. Аталган борбордун эрежелерине ылайык тестирлөөнүн жыйынтыгы 20 күндүн ичинде даяр болот. “Бул мөөнөттүн ичинде тестирлөөнүн жыйынтыктарын кайра оңдоп чыгууга болот”, деген ишенимде Таалайбек Кошоков.

“Билимди баалоо жана окутуу усулдары” борборунун жетекчиси Инна Валькова тестте абитуриенттердин жогорку окуу жайында окуй ала турган жөндөмүн текшерүү үчүн суроолор экенин баса белгиледи. Омбудсмендин орун басарынын жалпы республикалык тестирлөөнүн өтүшүнө болгон сын көз - карашы анын жеке кызыкчылыгынан улам болуп жатат дейт, Инна Валькова :

“Ал дал ошол өзүнүн уулу тест тапшырып жаткан мектепке барды. Тест жүрүп жаткан бөлмөгө киргизбегенибиз үчүн өтө нааразы болуп, бизди “бир нерсе жашырып жатасыңар”деп күнөөлөдү. Баардыгы ачык болсун деп биз аны бөлмөгө киргизүүгө макул болдук. Андан тышкары “математика” боюнча тест ортолоп калганда, бөлүнгөн убакытты дагы 5 мүнөткө узартууну талап кылды. Ал мындай талабын тестте берилген суроолор өтө оор экен деп түшүндүрдү. Кыскасы, ал өзүнүн уулуна убакытты узартайын деп ойлогон экен, - деди Инна Валькова.

Бул дооматтарды өз кезегинде акыйкатчынын орун басары Таалайбек Кошоков четке какты:

"Булар өзүн акташ үчүн болбогон сөздөрдү айтып жатышат. Мен өзүмдүн уулумдун эмес, ошол жерде отурган 400дөй баланын укугун коргош үчүн убакытты узартайын деп сурандым. Менин оюмча, булар эчкимди бул жерге киргизбей, өздөрү каалаганын жасагысы келгиси келет. Өзүнчө бир бизнеске айланды,"- дейт Таалайбек Кошоков.

Билим берүү министринин орун басары Каныбек Осмоналиев , тестирлөөнү көз карандысыз тарап жүргүзүп аткандан кийин акыйкаттык бар деп эсептейт.

“Акыйкатчы аппаратынын мындай чечимге келгени мени абдан таң калдырып жатат. Алар кандай технологиялар менен, эмненин негизинде ушундай маалыматтарды айтып жатышат, мага түшүнүксүз”,- деди Каныбек Осмоналиев.

Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 2002-жылдан баштап жүргүзүп келе жатат. Ал ЮСАИДдин финансылык колдоосу тарабынан жүргүзүлөт.

Быйыл тестирлөөгө катышкан 33миң 638 бүтүрүүчүнүн ичинен 52 си эң жогорку упайга ээ болушту.
XS
SM
MD
LG