Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

ПАРЛАМЕНТ ТӨРАГАСЫ ҮЧ ОРУНБАСАРЛУУ БОЛДУ


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасынын эки орун басары шайланды. Тайырбек Сарпашев менен Кубанычбек Исабеков шайлоодо сунуш кылынган беш талапкердин ичинен жеңишке ээ болушту.

Парламент төрагасынын эки орун басарынын ордун ээлөөгө беш киши сунуш кылынды. “Эл биримдиги” депутаттык тобунан Тайырбек Сарпашев, “Эл менен” депутаттык тобунан Кубанычбек Исабеков, “Мекен” тобунан Искендер Гаипкулов, “Жибек жолу” тобунан Каныбек Иманалиев жана “Биримдик” депутаттык тобунан депутат Сергей Попов. Добуш берүү жашыруун түрдө өттү.

Натыйжада “Эл биримдиги” депутаттык тобунан сунуш кылынган Тайырбек Сарпашев биринчи айлампадан эле 38 добуш менен парламент төрагасынын орун басарлыгына шайланды. Ал эми “Эл менен” депутаттык тобунан көрсөтүлгөн Кубанычбек Исабеков 23 добуш менен, “Мекен” тобунун өкүлү Искендер Гаипкулов 25 добуш менен экинчи айлампага чыгышты. Экинчи айлампанын жыйынтыгы боюнча 20 добуш алган Кубанычбек Исабеков бир добуш менен атаандашынан озуп, үчүнчү айлампага чыкты. Бул жолу ал кесиптештеринин 39 добушу менен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына шайланды.

Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы буга чейин бир гана орун басар менен иштеп келген. Мурдагы төрага Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен спикерликтен баш тарткан соң, вице-спикерлердин бири—Болот Шерниязов да өз эрки менен төрага орун басарлыгынан кеткен. Анын ордуна экинчи орун басарды шайлоо жөнүндө сөз козголгондо парламентке үчүнчү орун басардын да зарылдыгы туралуу маселе көтөрүлгөн. Парламенттин спикери Марат Султановдун айтуусунда, дайыма төраганын же анын өкүлүнүн катышуусу менен боло турган айрым иштерге жетишүү кыйынчылыгы болгондуктан үчүнчү орун басарды шайлоо зарылдыгы келип чыкты:

-Төрага эле эмес, орун басарлар да кээде эки-үч ишти алып барууга туура келип, баарына жетишпей жатышат. Алсак, чарба иштерин жүргүзүүгө жана көзөмөлдөөгө, кабыл алынган мыйзамдардын, токтомдордун ишке ашуусун көзөмөлдөөгө жана эл аралык, парламенттер аралык иштерге катышып, алар менен иш алып баруу үчүн үч орун басардын болушу шарт болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов мындан ары мыйзам чыгаруу ишин көзөмөлдөөнү өзүнүн мойнуна алмакчы.

Ал эми экс-спикер Өмүрбек Текебаев төраганын үч орун басары болушу палатанын ишинде теңсалмактуулукту сактап, жакшы иштөөгө шарт түзөт деп эсептейт:

-Төраганын үч орун басарынын болушу ар кандай саясий топтордун өкүлдөрү жетекчиликте болсун, палатада тең салмактуулук сакталсын деген ниеттен келип чыгат. Бул көп өлкөлөрдө колдонулат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG