БИШКЕК. Бүгүн мусулмандар жамаатынын атынан маалымат жыйынын өткөргөн Таалай Ылайтегин жер бөлүү маселесин бийлик чечпей жаткандыктан митингден башка арга калбаганын, 30-июнга белгиленген митингге 10 миңдей адам катышаарын жарыялады. Ал Бишкектеги борбордук мечит учурда тардык кылып, жума намазга келген 8 миңдей адам батпай жатканын белгиледи. Таалай Ылайтегиндин айтымында, Бишкекте ислам маданий борборун курууга араб өлкөлөрү жардам берүүгө даяр, бирок жер маселеси гана чечилбей жатат.