Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

КӨК ЧАЙ КӨП ДАРТКА ДАБАА


Баян Жумакадыр кызы Окумуштуулардын айтымында, көк чай артрит, жүрөк оорулары, кан басымынын жогорулашы же гипертония, остеопороз жана башка ушул сыяктуу оорулардын алдын алууга пайдалуу. Чылым мол чегилген Азия өлкөлөрүндө жүрөк оорулары жана өпкөнүн рак оорусу сыяктуу кеселдер чылымды кыйла азыраак чеккен батыш өлкөлөрүндөгүдөн азыраак кездешет. Окумуштуулар муну азиялыктардын көк чай ичүү каадасы менен түшүндүрүшөт.

"Mенин атым Алишер мен мындай ысык күндөрдө көк чай ичем, көк чай ичпесем суусунум канбайт. Көк чай ден соолукка пайдалуу деп укканмын",- дейт Алишер деген кыргыз жигит.

Азия өлкөлөрүндө көк чайды миллиондогон кишилер ичишет. АКШдагы Тафтс университетинин окумуштуусу Жэфри Блуумберг чайдын кайсы болбосун түрү ден соолукка пайдалуу экенин, айрыкча лабораторияда иштеген адам болсоңуз чай суусундугу рак оорусун алдын алууга өбөлгө түзөөрүн белгилеп, буларды баяндайт.

"Көк чайдын артритке, Альцгаймер жана Паркинсон ооруларына пайдалуу экенин тастыктаган лабораториялык изилдөөлөр өткөрүлдү. Изилдөө көрсөткөндөй, чайды көп ичкен адамдар остеопороз жэ сөөктүн электенип, жукаруу оорусуна азыраак дуушар болушат. Британиялык окумуштуулар чайды көп ичкен балдар менен өспүрүмдөр тиш ооруларына азыраак чалдыгаарын аныкташты. Чай ошондой эле жүрөк ооруларына чалдыгуу коркунучтун азайтат",- дейт Блуумберг.

Азиянын айрым өлкөлөрү чылым чегүү жагынан батыш өлкөлөрүн алдыга чыгарышпайт, бирок анткени менен бул өлкөлөрдө өпкөнүн рак оорусу жана жүрөк оорулар азыраак чылым чеккен батыш өлкөлөрүнүкүнө караганда сейрек көздешет. Мисалы, чылымды көп тарткан Японияда жүрөк ооруларынан каза боллгон адамдардын саны АКШдагыдан 50 процентке азыраак. Йель Университетинин клиникасынын хирургу Бауэр Сумпио бул кызыктуу феноменди калктын ар дайым көк чай ичүү жөрөлгөсү менен түшүндүрөт.
Көк чайдын касиетинин сыры эмнеде?

"Анын сыры чайдын курамындагы эпигалокатехин деген затта. Бул зат органзимдеги бош радикалдарды жана башка уулуу заттарды нейтралдаштырып, уулу заттар бар клеткаларды өлтүргөнгө жарайт",-дейт Сумпио.

Ошентип, хирургдун айтымында, чай кардиоваскулярдык оорулардын эле алдын албастан, рак клеткаларынын өсүшүн токтотконго жарайт. Анын бул касиети лабораториялык изилдөөлөрдө аныкталды.

Бул жерден окумуштуу Блуумберг чайдын пайдалуулугу анын көк чай, же кызыл чай экенинен көз каранды эмес экенин, анткени ал бир эле өсүмдүктөн жасала турганын кошумчалайт. Ошондой болсо да Америкада акыркы жылдарда көк чайдын популярдуулугу жогорулоодо. Көк чай сатуу менен алектенген Америкалык жаран Кевин Моор бул бизнеске аны Япониядагы чай ичүү каадасы себепчи болгонун мындайча баяндайт:

"Мен Япония менен 20 чакты жылдан бери алакалашам, менин аялым япон. Аризона университетинде окуп жүргөнүмдө акча табуу үчүн кошумча иш караштырдым. Япония менен жакындан таанышып, көк чайдын эмне экенин билгенимде АКШда жакшы көк чай оңой менен табылбай турганын байкадым. Ошентип көк чай ташып келип сатуу менен алектене баштадым" ,- дейт Кевин Моор.

XS
SM
MD
LG