Чечен козголоңчуларынын жетекчисинин өлүмү тууралуу 17-июнда маалым болду. Чеченстандын өкмөт башчысы Рамзан Кадыров кабарчыларга козголоңчулардын жол башчысы Абдул-Халим Садулаевди өзүнүн эле жакын адамы сатып кетти деп ырастады:
– Биз Садулаевдин кайда экендиги тууралуу маалымат үчүн 1 жарым миң рубль төлөдүк. Бирөө Садулаевди ушунча эле акчага сатып жиберди. Жакын эле шериги. 1 грамм героин шашылыш керек болуп, өз жол башчысын героинге сатып жиберди.
Бул ырастоонун чын-төгүнүн аныктоо дээрлик мүмкүн эмес.
Абдул-Халим Садулаев 17-июнь күнү өзү туулган Аргун шаарында орус армиясынын чечен күчтөрү менен биргелешкен операциянын мезгилинде каза тапты. Ал Чечен Ичкерия Республикасынын президенти катары, болгону 15 ай кызмат өтөдү. Ошого карабастан ал согушту башка түндүк кавказ жумурияттарына жайылтуунун уюштуруучулук жагын жолго койо алды. Сеператисттердин ЧеченПресс сайтында айтылгандай, Садулаевдин мезгилинде ошондой эле бир да жолу карапайым адамдар бутага алынган эмес.
Былтыр жайда Садулаев өз орун басары кылып дасыккан аскер башчы Доку Умаровду бекиткен, ал эми Маскөө, Беслан жана башка террористтик чабуулдар үчүн айыпталган Шамил Басаевди сеператисттик өкмөттүн вице-премьерлигине дайындаган. Аналитиктердин болжолунда, Умаров жакынкы күндөрү президент болуп бекисе, Басаев анын кол алдында азыркы кызматында кала берет.
Каза табаардын алдында Садулаев Масхадовдун Европадагы өкүлү Ахмед Закаевди тышкы иштер министри кылган. Буга караганда, Басаевдин айланасындагы радикал канатка караганда, Закаевге ыктаган сабырдуу турумдагы канат күч алууда.
Умаровду көпчүлүк тажрыйбалуу, даанышман жана көк жал аскер башы катары билет. Ал 64-жылы Чеченстандын түштүгүндөгү Карсеной айлында туулуп, Грозныйдагы мунай институтунун курулуш факультетин бүтүргөн. Ал былтыр Азаттыктын орус редакциясына 94-жылы биринчи орус-чечен согушу башталганда мекенине кайтып келип, көз карандысыздык үчүн согушууну туура тапкандыгын билдирген. Садулаев сыяктуу эле Умаров да террористтик тактикага каршы. "Эгер биз мындай методдорду колдонсок, эч кимибиз адамдык жүзүбүздү сактап кала албайбыз,"- деп айткан эле ал былтыр Радио Свободанын суроолоруна жооп берип жатып. Ал эми Закаев аны "ой калчай билген саясатчылардын катарындагы адам" деп мүнөздөгөн.
Быйыл апрель айында Азаттыктын Түндүк Кавказ бөлүмүнө берген интервьюсунда Умаров Орусияга каршылык көрсөтүү кыймылы акча жагынан каржылып калгандыгын моюнга алган. "Ушундан улам биз тоолордогу сөөктөн өткөн суукту көтөрө алган эң чыдамкайларды гана армияга алабыз" деп айткан ал. Ал ошондой эле Орусиялык маалымат каражаттарынын чечен козголоңчуларын жалаң теги араб "жихадчылар" башкарып калды деген ырастоолорун четке кагып, чечендер үчүн азыр жихад же каапырларга каршы согуш эмес, боштондук керек" деген эле.