АКШнын төрт атуулуна жана эки гаитиликке Чикагодогу 110 кабат келген Сиерс мунарасын жана Маямиде ЦРУнун кеңсесин жардырууну көздөгөн деген айып коюлду. Алар өзүн ал-каидачымын деп тааныштырган ЦРУнун тыңчысы аркылуу колго түшкөн. АКШнын баш прокурору Алберто Гонзалес бул окуя өз өлкөсүн душман санаган америкалык террористтердин коркунучун айгинелерин белгиледи.