Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

ҮЧӨӨ ӨТТҮ, БИРӨӨ КУЛАДЫ


Жогорку Кеңеште бүгүн өкмөт мүчөлөрүнө макулдук берүү боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында көпчүлүк добуш алган Данияр Үсөнов биринчи вице-премьер кызматына, Азим Исабеков айыл чарба министри кызматына, Медетбек Керимкулов өнөр жай жана соода министри кызматына бекитилди. Ишенгүл Болжурова жетиштүү добуш албагандыктан вице-премьер кызматына өтпөй калды. Ага добуш берүүгө катышкан 69 депутаттын кырктан ашыгы каршы болду.

Мамлекеттик кызматка бекитүү тууралуу мыйзам боюнча, өкмөт мүчөлөрүн премьер-министр тандап, президент менен кеңешип, андан кийин Жогорку Кеңешке сунушталат. Депутаттар биринчи вице-премьер министрликке сунушталып жаткан Данияр Үсөновдун талапкерлиги өкмөт башчы менен кеңешилгендигине да кызыгышты. Премьер-министр Феликс Кулов бардыгы мыйзам жүзүндө болгондугун белгилеп, өкмөт башына ишкер адамдын келиши эл үчүн пайда гана болот деп айтып кетти:

-Анын ишкер болгону күнөө эмес. Тескерисинче бул адамдын оң жагы. Адам ишкерлик менен чыкты. Бардык жолду басып өттү. Базар экономикасын жакшы түшүнөт. Ал эми өкмөттүн ишин өзүнүн кызыкчылыгы менен аралаштырып жиберүүгө мен Үсөновго эле эмес, эч бир өкмөт мүчөсүнө жол бербейм.

Президент тарабынан сунуш кылынган талапкерлердин ичинен айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу Азимбек Исабековго да суроолор жана каалоолор көп болду. Депутат Темир Сариев өлкөдөгү эң аксап турган тармактын ишин алып кетүүдө учурдун талабына ылайык жаңыча мамиле жасоо керек деген пикирде:

-Бүгүнкү шартта айыл чарба министрлигинин өзүнүн функциясы өзгөрүшү керек. Анткени учурда мал чарбасы да, айдоо аянттары да бүт жеке менчикте же элдин колунда. Ошондуктан, агрардык министрлик дыйкандар менен фермерлерге жардам берүүгө тийиш. Биринчиден, дүйнөлүк рынок же бүгүнкү талаптар жана биздин мүмкүнчүлүк боюнча жана жаңы үрөндөр, жаңы технологиялар менен аларды тааныштырып турушу керек. Экинчиден, айыл чарба өсүмдүктөрүн, сырьелорду кайра иштетүү боюнча өндүрүштү жылдырууга аракеттенүүгө тийиш.

Ал эми министрдин милдетин аткаруучу Азимбек Исабеков айыл чарбасындагы көйгөйлөр ага жат эмес экенин белгилеп, бар күчүн чарбаны көтөрүүгө жумшай тургандыгын билдирди.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча президент сунуш кылган төрт талапкердин үчөө көпчүлүк добуш менен парламенттин макулдугун алышты. Ал эми вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова жетиштүү сандагы добуш албай калды.

Сунуш кылынган талапкерлердин ичинен биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов өткөн жылдын аягында ушул эле кызматка бекитүү боюнча парламенттин колдоосуна ээ боло алган эмес. Анын бул жолу депутаттардын ишеничине ээ болуусун депутат Кубанычбек Исабеков мындайча түшүндүрдү:

"Азыр бийлик башында тургандар, депутаттар бири-бири менен тил табыша албай, иштебей жатат деп элден бизге көп нааразылык, талап түшүп жатат. Президент менен премьер-министр ушул кадр менен иштейли, момундай план-программаларыбыз бар, бизге чогуу иштөөгө мүмкүнчүлүк бергиле деп суранып аткандыктан улам, депутаттар колдоп беришти го деп ойлойм".
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG