Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

ОРУС ЖУРНАЛИСТТЕРИНЕ ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК БЕРИЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Эмнисти интернешл" уюму жыл сайын "Коркунуч алдындагы журнализм" деген сыйлык берет. Ал акча менен байланыштуу эмес, негизинен аны менен өтө коркунучтуу абалда иштеген журналисттер сыйланат. Былтыр сыйлыкты Гватемала мамлекетинин Мариэлос Монзон деген айым журналист алган.

Быйылкы сыйлык кечээ күнү Лондон шаарында орусиялык Станислав Дмитриевский жана Оксана Челышева деген эки журналистке берилди, алар Нижний Новгород шаарындагы "Орус-чечен достук коомун" жетектейт, Дмитриевский болсо "Право-защита" деген гезиттин баш редактору.

Бул уюм, биринчиден, уюм Чеченстандагы абал тууралуу маалыматтарды жарыялап келген. Экинчиден, анын эксперттери Чеченстанга барып, жапа чеккен адамдарга жардам көрсөткөн. Ал тууралуу Челышева өзү минтип айтат: "Чеченстанга барган сайын такай укугу бузулган, жапа чеккен адамдарды жолуктурасың жана алардын маселелерин укканда, басып кете албайсың. Албетте, мен абдан чарчадым, эс алгым келет, кадыресе жашайын дейсиң, бирок андай турмуш качан келээрин билбейм", - дейт Оксана Челышева.

Орус бийлиги аларды бир топ куугунтуктаган, ошондуктан "Эмнисти интернэшнл" уюмунун өкүлү Нейл Дөркиндин айтымында, мындай сыйлык менен алар журналисттерди бийликтин куугунтуктоосунан коргоого аракеттенүүдө.

Гезит - бир кездеги чечен президенти Аслан Масхадов менен анын Европадагы өкүлү Ахмед Закаевдин Европарламентке багытталган кайрылууларын жарыялаган жана былтыр сентябрда гезитке каршы сот иши ачылып, ал жабылган. Баш редактор Дмитриевский болсо үстүбүздөгү жылдын 3-февралында эркинен эки жылга шарттуу түрдө ажыратылууга кесилди. Ал - улуттар арасында араздашуу чыгарган деп айыпталды жана күнөөлүү деп табылды.

Ишти карап чыккан эксперттердин пикиринде, Нижний Новгород шаарындагы коом жана анын гезити улуттар арасында араздашуу жаратпастан, тескерисинче, чечендер менен орустар ортосунда көпүрө жаратып, алардын бир-биринин түшүнүшүнө жол ачкан. Бирок орус бийлиги үчүн Чеченстандагы абал тууралуу чындык айтып жаткан коомду жаап салуу керек болчу. Эл аралык коомчулуктун катуу кысымы алдында гана коом жабылган жок жана Дмитриевский жакын арада гезитти кайрадан чыгара баштайм деп үмүттөнөт.
XS
SM
MD
LG