Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

А. Эркебаев : Бийлик менен оппозиция конституциялык бир ымалага келиши абзел


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурунку төрагасы Абдыганы Эркебаев конституциялык реформа боюнча бардык бийлик бутактары, саясий партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар жана оппозиция орток пикир табууга аракет жасашы керек деп эсептейт. Эгерде ал табылбаса, референдум жарыяланууга тийиш. Эркебаевдин пикиринде, Конституциялык реформанын кечеңдеши, экономикада ишенимдүү өсүштүн жоктугу - бийликтин кемчилиги. Чет өлкөлүк инвестициянын көбөйүшү, пенсия, айлык акылардын өз убагында берилиши - оң көрүнүш. Экс-спикер бул тууралуу 28-июнда болгон маалымат жыйынында билдирди.

XS
SM
MD
LG