Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

РОССИЯЛЫК ДИПЛОМАТТАРДЫН ӨЛҮМҮНӨ КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага 28-июнда Россиянын Мамлекеттик Думасы Иракта Россиялык дипломаттардын өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу билдирүү кабыл алды. Документ Ирактын өкмөтү менен АКШ баштаган коалициялык күчтөрдү Иракта иштеп жаткан чет элдик дипломаттардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырат.

Думанын декларациясы Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде дал ошол маселе талкууланып, Россия даярдаган билдирүүнүн долбоору каралганы жатканда кабыл алынып олтурат. Бир добуштан кабыл алынган бул документте мыкаачылык менен жасалган киши өлтүрүү кескин айыпталып, анын жоопкерчилиги чет элдик дипломаттар менен жөнөкөй жарандардын коопсуздугун кепилдей албаган Ирак өкмөтү менен АКШ баштаган антитеррордук аскерлерге жүктөлдү.

Документте айтылгандай, төрт россиялык дипломаттын барымтага алынып, бир нече жума өткөндөн кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүп салынышы "Ирактагы кризистин тереңдеп баратканын айгинелейт. Оккупациялык күчтөр өлкөнү көзөмөлдөн чыгарып жиберүүнүн алдында турушат, ал эми террор менен зордукчул аракеттер Ирактын күнүмдүк жашоосунун кадыресе көрүнүшү болуп калды",- делинет билдирүүдө.

Ошону менен бирге эле билдирүүдө бул кылмыштын жоопкерлерин таап, жазага тартуу Ирактан талап кылынат. Думанын Тышкы байланыштар комитетинин мүчөсү Игорь Баринов кылмыштын жоопкерчилигин антитеррордук альянска да жүктөдү:

"Бул киши өлтүрүүнүн жоопкерчилигин террористтер менен кошо оккупациялык аскерлер да тең бөлүшүүгө тийиш. Алар Ирактан кыргын салуучу куралдарды да табышкан жок, азыркы Иракты да көзмөлдөп кыйрата алышпады. Биздин дипломаттар элчиликтен 400 чакты метр жерден барымтага кармалып кетип, өлтүрүлүп олтурат",-деди депутат.

Ушундай эле пикирин Думанын спикеринин биринчи орун басары Олег Морозов да билдирди:
"Иракта социалдык,экономикалык жана саясий кризис күч алууда. Өлкөдө эч кимдин коопсуздугу камсыз кылынбаган, бийликтер алсыз, ал эми оккупациялык күчтөр ирактыктар менен чет элдиктер мындай турсун, өз коопсуздугу үчүн кам көрө албай жатышат",- деди Морозов.

3-июнда Багдадда россиялык дипломаттарды Мужахедин Шура деген өзүн Ал-Кайыда менен байланышы бар деп атаган топ барымтага алып кеткен. Барымтачылар Кремлден Чеченстандагы аскерлердин баарын чыгарып кетүүнү жана колго түшкөн чечен согушкерлерин бошотууну талап кылышкан. Ультиматумдун мөөнөтү соңуна чыккан соң интернетте туткундар өлтүрүлүп жатканын чагылдырган видеотасма көрсөтүлгөн. Буга удаа дипломаттардын өлтүрүлгөнүн Россиянын тышкы иштер министрлиги да ырасмий ырастады.

Бирок, Думанын кескин сын-пикирлерине карабастан, Россиянын Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин кароосуна койгон билдирүүдө киши өлтүрүүнүн жоопкерчилиги кимге жүктөлө турганы даана айтылбайт. Резолюциянын долбоору 28-июнда Коопсуздук кеңешинде талкууланды.

XS
SM
MD
LG