Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

ОШ : СҮРӨТТӨРҮ КӨП ИЛИНСЕ, АНДАН ПРЕЗИДЕНТТИН БЕДЕЛИ АРТАБЫ ЖЕ ТҮШӨБҮ?

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин сүрөтү илинген көрнөк-жарнактардын саны көбөйүп кетти. Мындай көрүнүштү коомчулуктун бир катар өкүлдөрү сын-пикир менен кабыл алышып, президенттин сүрөттөрүн көрүнгөн жерлерге илүү менен анын беделин көтөргүсү келген жергиликтүү жетекчилердин аракеттерин саясий көшөкөрлүк деп баалашты.

Ош-Карасуу жолунун аралыгында шаардык Апсамат Масалиев атындагы көчөсүндөгү жарнамалык орундарда мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин ири өлчөмдө тартылган сүрөттөрү жаандан кийинки козу карындай жайнап кетти. Сүрөттөрдө адаттагыдай эле “Эмгек жана биримдик”, “Өндүрүш өнүгүүнүн жолунда” деген ураандар коштоп турат. “Лотос нуру” коомдук бирикмесинин программалык координатору президент Бакиевдин сүрөттөрүн жарнамалык жайларга ашкере эле иле берүү коомчулукта тескери пикирди пайда кылышы мүмкүн деген оюн ортого салды.

- Ушул мамлекеттик коомдук ишмерлерди, биринчи жетекчилердин сүрөттөрүн, албетте мамлекеттик ишканаларда илиш керек, себеби дегенде бул мамлекеттин символу. Эмне үчүн жанагы көрнөк-жарнактарга деле чаптап коюп жатабыз. Биз президентти сыйлоонун жолун, этикетти билишибиз керек. Себеби деген ал көздүн карегиндей болгон мамлекеттин символу. Ал сүрөттү көрүнгөн жерлерге иле берген туура болбойт. Көчөдөгү көрнөктөргө сүрөттөрдү илбей койсок, ал президенттин аброю кетип калбайт,- дейт “Лотос нуру” коомдук бирикмесинин координатору Эркин Абдыразаков.

Ал эми “Демократиялык күчтөр биримдиги “ саясий партиясынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Айбек Исаев болсо, мамлекет башчысынын сүрөттөрүн көчөлөргө иле берүү жергиликтүү бийлик башындагылар үчүн популярдуу болуп кеткендигин сынга алуу менен мындай көрүнүштү саясий көшөкөрлүк катары баалады.

- Мамлекеттин башчысы көрнөк-жарнактар аркылуу эмес, башкача иш менен көрсөтүш керек өзүн. Азыр Кыргыз улуттук телевидениесинен чыгып жатат. Бирок маалымат бериш керек. Ошол жерде президент аткарган иштер деп эски Акаевдин режиминдеги сценарий кайталанып жатат.

Анткен менен Ош шаардык мэриясынын социалдык иштер жана маданий өнүгүү иштер бөлүмүнүн башчысы Курманбай Ташыбаев болсо, мамлекет башчысынын сүрөтүн илүү мамлекеттин башкы адамына карата сый- урмат катары кабыл алынышы керек деген оюн белгилөө менен жогорку мамлекеттик жетекчини ыйык деп эсептей тургандыгын билдирди.

-Эмне үчүн алардын сүрөттөрүн биз төбөбүзгө кармап турбашыбыз керек. Бизге муну көтөр же көтөрбө деп айткан жок. Бирок көтөрүп туруш ал өзүңдүн атуулдук көз карашың деп ойлойм. Мен колдосом, мен көтөрөм. Керек болсо сүрөтүн чөнтөгүмө салып жүрөм. Төш белги катарында тагып алам,- деди Ош шаардык мэриясынын өкүлү Курманбай Ташыбаев.

Мындан сырткары Курманбай Ташыбаев өлкө башчысынын сүрөттөрү гана эмес, анын ар бир чакырыгы, нуска сөздөрү ураан катары коомдук жайларда илинип турушу кажет деген сунушун кошумчалады.
Куржундар
XS
SM
MD
LG