Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Коррупция жана Кант цемент-шифер комбинаты боюнча комиссиялардын ишине баа берилет


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңеш коррупцияга каршы күрөш боюнча парламенттик комиссиянын отчетуна баа берген чечимин чыгарат. Парламент шейшембидеги отурумунда комиссия төрагасы Азимбек Бекназаровдун баяндамасын угуп, талкуулаган. Баяндамада комиссия төрагасы мурдагы бийлик учурундагы коррупциялык иштерди иликтебей жатат деп азыркы бийликке кине коюп, чуулгандуу саналган иштердин бардыгын биринчи сентябрга чейин соңуна чыгарууну сунуштаган. Ушул эле күнү парламент өкмөттүк сааттын алкагында Канттагы цемент-шифер комбинатын иликтеген комиссиянын отчетуна да баа бергени жатат.

XS
SM
MD
LG