Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

МАСКӨӨГӨ БАШ ИЙБЕГЕН ЧЕЧЕН ЖУМУРИЯТЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ БОЛУП БАСАЕВ ДАЙЫНДАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Маскөөгө баш ийбеген "Ичкерия чечен жумуриятынын" вице-президенти болуп атактуу террорчу Шамил Басаев дайындалды. Айрым саясатчылардын пикиринде, анын менен Маскөөгө белги берилүүдө.

1997-жылы Чеченстанда жалпы элдик шайлоо өткөрүлүп, президент болуп Аслан Масхадов шайланган жана ал шайлоону Орусия дагы, Батыш дагы тааныган. Бирок Масхадовдун беш жылдык мөөнөтү 2002-жылы аяктагандан кийин Маскөө Чеченстанда жаңы шайлоо өткөрүп, бийликке өз адамдарын коюп алган.

Анткен менен Масхадовдун адамдары аны тааныган эмес жана Орусияга каршы согушун уланткан. Былтыр мартта Масхадов өлтүрүлгөндөн кийин, анын ордун вице-президент Абдул-Халим Сайдуллаев баскан. Ичкерия жумуриятынын мыйзамдары боюнча, президент каза болсо, анын ордун дароо вице-президент басат. Үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда Сайдуллаев дагы өлтүрүлдү. Чеченстандын маскөөлүк өкмөтүнүн башчысы Рамзан Кадыровдун айтымында, Сайдуллаев кайда экендиги тууралуу маалыматты анын жоокерлери жергиликтүү наркоман-жигиттен бир жарым миң рублге сатып алган.

Сайдуллаевдин ордуна эми анын орун басары Доку Умаров президент болду жана 27-июнда ал өзүнүн вице-президенти кылып Шамил Басаевди дайындады. Азыр Данияда жашаган Ичкерия жумуриятынын тышкы иштер министринин орун басары Усман Фирзаулинин пикиринде, бул дайындоо - Маскөөгө жиберилген орчундуу белги: "Эгер эми Умаровдун учурунда Орусия чечендер менен сүйлөшүү жүргүзбөстөн, Умаровду дагы өлтүрсө, аны менен алар чечендерге белек жасашат. Умаровдун ордуна президент болуп Басаев келет", - дейт Фирзаули.

Шамил Басаев азыр 41 жашта. Орусияга каршы биринчи аракетти ал өзү жалгыз мындан 15 жыл мурда жасаган - 1991-жылы ал Минеральные воды шаарынан учуп чыккан учакты ала качкан. 1992-жылы болсо Басаев атайын батальон түзүп алып, Кавказ элдеринин конфедерациясы деген уюмдун атынан Абхазияда эки жыл Грузияга каршы согушкан. 1994-жылы Маскөө Чеченстанга каршы согуш ачканда, орус аскерлерине каршы күрөшө баштаган.

1995-жылдын май айында орусиялык бомбалоодон Басаевдин 11 тууганы, алардын ичинде аялы жана эки баласы өлгөн жана ага өч алуу иретинде Басаев Орусиянын Буденновск шаарындагы оорукананы басып алып, бир миңге жакын адамды бир нече күн барымтада кармаган. Ошол кезде Басаев орус премьер-министри Виктор Черномырдин менен сыналгы аркылуу түз көрсөтүлгөн сүйлөшүү жүргүзүп, баатыр деп атала баштаган.

1996-жылдын августунда чечендер Грозный шаарын орус аскерлеринен бошоткондо Басаевдин салымы зор болгон. 1997-жылы ал президенттик шайлоого катышып, Масхадовко утулган, бирок Маскадов аны кийин өкмөт башчысы кылып дайындаган. Анткен менен Басаев ошол жылдары исламчыларга кошулуп кетип, Масхадовду кызматтан алып түшүүгө бир нече жолу аракеттенген. 1999-жылдын августунда болсо Басаев жана Хаттаб Дагестанга жортуул жасап, Маскөөнүн Чеченстанга каршы экинчи согуш башташына себепкер болгон. 2000-жылдын февралындагы бир салгылашууда Басаев бир бутунан айрылган.

XS
SM
MD
LG