Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Акаевдин камакка алынган мүлкү мамлекетке кайтарылсын


Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров башында турган комиссиянын маалыматынын жыйынтыгы боюнча парламент бүгүн токтом кабыл алды. Анда камакка алынган, анын ичинде мурунку президент Аскар Акаевге жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу өкмөткө сунушталды. Ал эми Башкы прокуратурага бардык чуулгандуу иштерди тергөөнү тез арада бүткөрүү тапшырылды. Азимбек Бекназаров башында турган депутаттык комиссия Кумтөр, Аксы, Кант цемент, шифер комбинаты, Бител жана башка обьектилер боюнча козголгон кылмыш иштердин көпчүлүгү жабылып кеткенин 27-июндагы маалыматында ачыктаган эле.

XS
SM
MD
LG