Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

ЭХ, КОРРУПЦИЯ, КОРРУПЦИЯ


Жуманын аягында чыккан кыргыз гезиттеринде көбнесе экономикалык тема, атап айтканда Кант цемент-шифер комбинатынын айланасындагы талаш, Акаевдердин үй-мүлкүнүн айланасындагы кеп-сөздөр, шайлоо көйгөйлөрү сындуу маселелер көбүрөөк козголду.

Азимбек Бекназаровдун коррупция тууралуу парламентте жасаган баяндамасы «Агым» гезитинде чыкты. Макала «Кыргызстан айыкпас ооруга айланды» деген аталышта жарык көргөн. Кыргыз коррупциясы, А.Бекназаровдун пикиринде, 1992-жылдын 4-декабрында кыргыз өкмөтү менен канадалык КАМЕКО корпорациясы түзгөн башкы келишимден башталат. Кант цемент-шифер комбинатынын акциялары мыйзам бузуу менен башкаларга өткөрүлүп берилген, дейт А.Бекназаров.

Ушул эле тема А.Бекназаровдун «Кыргыз руху» гезитиндеги маегинде да улантылган. Анын ырасташынча, Кант цемент-шифер комбинатынын «62% акциясынын 32% Нурсултан Назарбаевдин кызына тиешелүү экен. Эми Н.Назарбаевден коркуп жатышабы? Бул боюнча мага Д.Үсөнов келген. Мен ошондо Даниярга Нурсултан Абишовичтин күнү ушу биздин цемент заводко түшүп калыптырбы, андан көрө Н.Назарбаевге «кызыңызды бирөөлөр алдап кеткен экен. Эми ошол үлүшүн Кыргызстанга эле тартуулап койбойсузбу» деп айткыла дегем».

А.Бекназаров азыркы бийлик А.Акаевдердин мүлкүн башка бирөөлөрдүн колуна өтүшүнө кызыкдар деген пикирде. Ошол үчүн мыйзамды одоно бузуу менен менчиктештирилген мүлк мамлекетке кайтарылбай жатат.

Цемент темасына жума күнкү «МСН» гезити да кайрылды. Журналист Вячеслав Тимирбаевдин жазганына ынансак, Түптөгү Күрмөнтү цемент заводун «Кыргызстан» акционердик коммерциялык банкы казакстандык жана германиялык ишкерлерге сатууга жетишкен. Ишкананын акцияларынын 82% сатып алган казакстандык ишкерлер банк тарабынан коюлган талаптарды толук аткаргандан кийин «Кыргызстан» АКБ Күрмөнтү цемент заводун германиялык «Хейдельбергцемент АГ» компаниясына сатууга келишим түзүп алганын түшүнүү кыйын, деп маалымдайт журналист В.Тимирбаев.

Куршаб шайлоо чөлкөмүндөгү депутаттык орун талаш созулгандан-созулуп, бул саясий оюнга биртоп эле таасирдүү күчтөр тартылып, абал курчугандан курчуп баратканы Мамат Орозбаевдин «Агым» гезитиндеги «Бул не деген басмачылык?!» деген кайрылуусунда баяндалган. Ушул эле тема базаркоргондук шайлоочулардын атынан келген «Базаркоргон жарылганы калды» деген кайрылууда да козголгон.

Бул жерде Ө.Текебаевди жактоочулары менен К.Бакиев, Ү.Сыдыков, А.Осмоновго жан тарткандардын ортосундагы тиреш күчөп баратат. Мамлекеттик кеңешчи Үсөн Сыдыков ушул эле гезиттеги «Текебаевдин кудурети жетпейт…» деген маегинде «Ө.Текебаевдин партиясы Бакиевди кызматтан кетиришке эч кандай кудурети жетпейт. Партиясынын 17 миң мүчөсү да жок. Учурда Базаркоргонду бөлүп-жарып аткан кези. Аз калды, анын дагы күчүн күздө көрөбүз», деген пикирин ортого салган.

«Аалам» гезитинин жаңы санында Башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин маеги жарыяланды. Анын айтуусунда, А.Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы 105 кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат. «Мындан сырткары элибизди таң калтырган дагы бир далай чиновниктердин жүзүн ашкерелегени турабыз. Биз эч кандай иштерди кыскартып, жапкан жокпуз», дейт К.Конгантиев.

«Кыргыз руху» гезити экс-спикер Абдыганы Эркебаев азыркы саясий кысталыш кырдаалдан чыгуунун үч жолун сунуштаганын маалымдады. Мурдагы бийликти басып алган азыркы бийлик тушунда деле басып алуулар токтолбой жатат. Бийликте биримдик жок. Азыркы бийликтин мыйзамдуулугу күмөн туудурат, дейт А.Эркебаев. Ал саясий күчтөр мунасага келип күзүндө бир бүтүмгө келиши керек. Конституциянын тагдырын эл чечиши абзел. Ага улай жаңы президенттик, парламенттик шайлоого баруу керек. Антпесе кырдаал өзүнөн-өзү жөнгө салынбайт, деген сунушун ортого салган.

Улуттук идеология кандай болушу керек? Бул суроого жоопту «Кыргыз туусу» гезитинде илимпоз Базарбай Темишов издеген. Анын ырасташынча, Кыргызстан кабылган кысталыш кырдаалды курчутпай, жалган атак-даңк издебей, саясий күчтөр биригип, эл тагдыры чечилчү кезде мунасага келиши туура болот, элди бөлүп-жарбай, тарых алдындагы жоопкерчиликти так сезе билүү зарыл.

Жалалабатта жаңы өзбек коому түзүлгөнүн жума күнкү «Жаңы ордо» гезити маалымдады. «Давр узбек жамияты» коомдук бирикмеси элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө бийликке жардам көрсмөтүү максатын көздөйт, деп жазат журналист Жалил Сапаров.
XS
SM
MD
LG