-Соттун чечимин кандай кабыл алдыңыз?
- Cот бул жерден ката кетирген, анткени ал бул чечими менен террористтердин укуктары менен алпурушууда, ал эми бул маселе анын компетенциясына кирбейт. Аскердик трибуналдар террористтерди соттоо үчүн эң ыңгайлуу жер. Анткени, террористтер кадыресе кылмышкерлер эмес, алар солдаттын формасын кийген, расмий командачылыкка баш ийген аскердик туткундар да эмес. Алар тынч жаткан элдин ичинде жашынып, каруу- жарактарын катып жүргөндөр. Ошон үчүн алар Женева Конвенциясында каралган макулдашууга кирбейт. Ошол себептүү Буш администрациясынын атайын трибунал түзүү чечими туура болгон деп эсептейм деп жооп берди.
-Буштун оппонетттери андай трибуналдар адам укуктарын коргоого жана кепилдөөгө орун калтырбайт деп эсептешет, сиз буга кандай карайсыз?
-Mенимче террористтер андай укукка ээ эмес. Түзүлгөн акыбалдан чыгуу үчүн азыр Буштун администрациясы трибуналды түзүүгө уруксаат алуу максаты менен ал Конгресске кайрылат.
-Конгресс Буштун сунушун колдоп береби?
- Албетте, дискуссиялар болот, бирок Конгресс президентти колдоп, ага Гуантанамодогу туткундарды соттоо үчүн атайын трибунал түзүүгө көмөктөшөт деп ойлойм.
-Эмне үчүн Буштун администрациясы Конгресске ушундай өтүнүч менен 11- сентябрдагы теракттардан кийин эле кайрылган эмес?
-Менин пикиримде ал Жогорку аскердик командачы катары андай трибуналдарды түзүүгө укугум бар деп ойлогон.
-Гуантанамодогу түрмөнү жабуу керек деп ойлойсузбу?
-Тескерисинче. Менимче Гуантанамодогу түрмө келечекте керек болот. Албетте, туткундарды мекениндеги соттор эркиндикке койо бербей, адилет сот жообуна тартат деген ишеним болгондо, анда алардын айрымдарын мекенине өткөрүп берсе болоор эле. Бирок терористтерди кармаган түрмөнү биз баары бир Гуантанамого болбосо да, башка бир жерге ачуубуз керек болот болучу. Анткени, туткундар жөнүндө маалыматтар топтолуп жаткан учурда аларды кармоо үчүн, алардын боштондукка чыгып, мурдагы террористтер тобуна кошулуп, бизге каршы кайрадан согуш ачпоосуна кепил болуу үчүн атайын түрмө түзүлүүгө тийиш.