Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

4-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1916-жылдын 4-июлунда Самарканд областына караштуу Хожент шаарында падышалык Россиянын колониалдык аймактардын калкын согушка мобилизациялоо туурасындагы жардыгына каршы козголоң чыккан.1927-жылдын 4-июлунда Ош жана Жалалабад кантондорунда жер-суу реформасын жүзөгө ашыруу туурасында Декрет кабыл алынган.

1916-жылдын 4-июлунда Самарканд областына караштуу Хожент шаарында падышалык Россиянын колониалдык аймактардын калкын согушка мобилизациялоо туурасындагы жардыгына каршы козголоң чыккан. Хожент козголоңу Орто Азиядагы жергиликтүү калктын орус бийлигине каршы улуттук боштондук кыймылынын башталышына түрткү болгон жана ал кийин Кыргызстан аймагына да жайылган.

1924-жылы Түркстан АССР Элдик комиссарлар Кеңеши кыргыз жеткинчектери үчүн Пишпекте мектеп-интернат ачуу туурасында чечим кабыл алган. Мындан тышкаары Жети суу областында европалык калк өкүлдөрү үчүн үлгүлүү 6 мектеп, кыргыздарга деп 23 мектеп, 7-уйгур, 2-дунгaн мектеби ачылган.

1927-жылдын 4-июлунда ВЦИК Кыргыз АССРиндеги Ош жана Жалалабад кантондорунда жер-суу реформасын жүзөгө ашыруу туурасында Декрет кабыл алды.

1941-жылдын бу күнү Кыргыз ССРинин Ички иштер элдик комиссары менен абадан коргонуу начальниктери биргелешип Кыргызстан аймагын абадан коргоо туурасындагы № 1-буйругун кабыл алышты. Күч органдарынын буйругуна ылайык, Фрунзе аймагы германдык авиация кол салчу объектиси деп табылып, шаардык тургундар, т. а. 18ден 50 жашка чейинки аялдар, 16дан 60 жашка чейинки эркектер коргоо үчүн мобилизацияга алынчу катмар деп белгиленген.

1996-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев менен Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Цзян Цзэминь кыргыз-кытай мaмлекеттик чекаралары туурасындагы келишимге кол коюшту. Бедел ашуусунун батыш тарабындагы Үзөңгүкууш тилкеси Келишимге эки мамлекет ортосундагы кийин каралчу маанилүү маселе категориясы менен киргизилген.

Бу күнү, 1631-жылы Парижде дүйнөдө биринчи жолу ишке орнотуу агенттиги ачылып, 1776-жылы АКШ эгемендик алып, 1916-жылы биринчи аба согушу өтүп, 1807-жылы айтылуу италиялык саясий ишмер Жузеппе Гарибалди жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG