Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Венеция комиссиясы Конституцияда демократиялык принциптердин сакталышына кызыкдар


БИШКЕК. Венеция комиссиясы Кыргызстандын жаңы Конституциясында бийликтердин тең салмактуулугу, адам укугу, эгемен сот өңдүү демократиялык баалуулуктардын сакталышына кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен болгон жолугушууда Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын эксперттер тобун жетектеп келген Жанни Букиккио билдирди. Жолугушууга депутаттар Искак Масалиев, Өмүрбек Текебаев, Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова катышты. Венеция комиссиясынын эксперттери ушул эле күнү Конституциялык реформа маселесин премьер-министр Феликс Кулов менен талкуулашты.

XS
SM
MD
LG