Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

НАТАША РЕНЬЕ: «КЫРГЫЗДАРДАН КӨПТҮ ҮЙРӨНДҮМ»


Ушул шаршембиде Карловары эл аралык кино фестивалында кыргызстандык жаш режиссер Нурбек Эгендин "Бабалардын сандыгы" тасмасынын эл аралык алгачкы премьерасы ийгиликтүү өттү. Көрсөтүүдөн кийин фильмде Изабел деген француз кыздын ролун аткарган теги белгиялык белгилүү актриса Наташа Ренье менен Жаныл Жусубжан баарлашты.

Жаңыл Жусубжан: - 2005-жылы тартылган "Бабалардын сандыгы" буга чейин КМШ өлкөлөрүндө гана көрсөтүлгөн. 5-июлда ал Чехияда биринчи жолу европалык сахнага чыкты. Буга чейин эле бир канча сыйлыктарды алган тасманы 41-эл аралык Карловары фестивалынын коноктору өтө жылуу кабыл алышты. Кийин сахнага режиссер өзү чыгып, ыраазычылыгын билдирди.

Кечинде продюсерлер кыргыз киносунун күйөрмандарына шарап ачып, даам ооз тийгизишти. Ал эми мен башкы актрисаны сөзгө тарттым. 32 жаштагы Наташа Ренье Францияда 30ка чукул фильмдерге тартылган атактуу жылдыздардын бири. Ал Кыргызстанда былтыр эки ай болуп, киного тартылгандан алган жылуу таасирлери менен мындайча бөлүштү:

Наташа Ренье: - Мурда билбеген элдин бөлөк маданияты менен таанышканым мен үчүн чоң тажрыйба болуп калды. Себеби Кыргызстанды мурда билген эмесмин. Иштөө ыргагы да бөлөк. Нурбек Эген өтө мыкты режисер. Адамгерчилигин да абдан баалайм. Өзүмдү чоң үй-бүлөнүн мүчөсүндөй сездим. Мен үчүн бул киного тартылуу турмушумдагы маанилүү баскыч болуп калды.

Жаңыл Жусубжан: - Наташа Кыргызстанда анча-мынча кыргызча үйрөнүп алган. Айрыкча "мен сени сүйөм" деген сөздү жакшы билет. Наташа турмушка чыккан, 3 жаштагы кызы бар. Ошентсе да "Бабалардын сандыгында" болгон окуя турмушта кайталанышы мүмкүнбү? Наташанын жообунан мен француз кыздын кыргызга келин болушу утопияга жакын нерсе экендигин баамдадым:

Наташа Ренье: - Кыргызстандын жашоосу такыр бөлөк. Иштеп, эс алганы барса болот, бирок өмүр бою ал жакта жашай алмак эмесмин.

Жаңыл Жусубжан: - Кыргызда чет элдик жигиттер менен баш кошкон кыздар аз эмес, бирок чет элдик кызга үйлөнгөн жигиттер жокко эсе. Кийин да бөлөк элдин салт-санаасын түшүнө билүү кыйла ийкемдүүлүктү талап кылат эмеспи. Бирок Наташа негизи мындай айырмачылыктардан коркпойт, себеби бөлөк маданияттан өзү үчүн жаңы ачылыштарды күтөт:

Наташа Ренье: - Эгер көзүңдү жакшылап ачсаң, айырмачылыктардан көп нерселерди үйрөнө аласың, бул чынында да жакшы нерсе.

Жаңыл Жусубжан: -Наташа Ренье Францияда жакшы белгилүү болгону менен, эл аралык деңгээлге жаңы чыгып жатат. Ушуга байланыштуу "Бабалардын сандыгы" көрсөтүлгөндөн кийин Карловар фестивалынын күндөлүк гезитинде эл аралык кино сахнада жаңы жылдыз жанып келаткандыгын жазып чыгышты.

Сүрөттө : «Бабалардын мурасы» кинотасмасынын режиссеру Нурбек Эген менен француз киноактрисасы Наташа Ренье.
XS
SM
MD
LG