Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

АМЕРИКА УНИВЕРСИТЕТИ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН МАКУЛ ЭМЕС


Борбор Азиядагы Америка Университетинин жетекчилиги Билим берүү министрлигинин аталган окуу жайдын “юриспруденция” бөлүмүн жабуу чечимине макул эмес. Алар министрликтин мындай чечимин жокко чыгаруу үчүн болгон аракеттерин жумшаарын, керек болсо сотко кайрылышаарын билдиришти.

Билим берүү министрлиги Америка Университетинин “юриспруденция” бөлүмүнүн лицензиясын чакыртып алуу боюнча чечим кабыл алган. Университет министрликтин мындай чечими менен макул эмес жана аны акыйкаттан алыс деп эсептейт.

Аталган университеттин “юриспруденция” бөлүмүнүн башчысы Элида Ногойбаеванын айтымында, окуу жайларды текшерген комиссиянын мүчөлөрү бир жактуу чечим кабыл алышкан.

“Юриспруденция” бөлүмү ушул жылдын 14-15-апрелинде текшерүүдөн өткөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин коллегиянын чечими алардын колуна тийе электигин Элида Ногойбаева айтты:

"Коллегиянын чечими бүт массалык маалмымат каржаттарында жарыяланды, бирок биз бүгүнкү күнгө чейин бул чечимди колубузга ала элекпиз. Мындан тышкары комиссия өзүнүн жыйынтыктарын окуу жайдын жетекчилигине кабарлап коюшу керек эле. Андай кылган жок. Болгону кечээ гана коллегиянын справкасын алдык. Комиссиянын курамына болгону 2 окуу жайдын - Юридикалык Академиянын жана Ички иштер министрлигинин академиясынын өкүлдөрү кирген экен. Менин оюмча министрлик ошол комиссиянын чыгарган жыйынтыгына толугу менен ишенбей, өздөрү кайра текшерип чыгышы керек".

Элида Ногойбаева ошондой эле коллегиянын чечими менен тааныша электигине байланыштуу, учурда жүрүп жаткан кабыл алуу кампаниясы токтотулбайт, деп кошумчалады.

Америка Университетинин “юриспруденция” бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Камилла Матеева коллегиянын мындай чечимине өз пикирин билдрди:

"Чынында, Америка университетинин “юриспруденция” бөлүмү жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгарат. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн 95 пайызы жумушка орношту десем жаңылышпайм. Азыр өлкөдө коррупцияга каршы сасат жүргүзүлүп жатпайбы. Анда адам укутары боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгарган эң мыкты бөлүмдү жабуунун кандай кажети бар",- дейт Америка университетинин бүтүрүүчүсү Камилла Матеева.

Республикадыгы жогорку окуу жайлардын билим берүү деңгээлин, алардын министрлик койгон талаптарына канчалык деңгээлде жооп бере тургандыгын аныктоо үчүн министрликтин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн. Анын негизинде марттан баштап май айына чейин өлкөдөгү бүт окуу жайлардын экономика, медицина жана юриспруденция боюнча бөлүмдөрү текшерүүдөн өткөн.

Билим берүү министринин орун басары Каныбек Осмоналиев текшерүү жүргүзгөн комиссиянын курамына компетентүү адистер киргендигин белгиледи:

"Текшерүү комиссиясына эң жогорку деңгээлдеги адистер кирди. Бологону текшерүүнү 95 адам жүргүздү. Эми катачылык кетип да калышы мүмкүн. Башка кээ бир окуу жайларды, анын ичинде Америка университетин да кошумча текшерип чыгып, өзүбүздүн сабаттуу баабызды беребиз",- деди Каныбек Осмоналиев.

Америка Университетинин доценти Гүлнара Искакова коллегиянын чечимин жокко чыгаруу үчүн болгон аракеттер жумшалаарын билдирди:

“Биз бул чечим менен макул эмеспиз, ошондуктан мыйзам чегинде аракеттерди көрөбүз. Азырынча биздин жетекчилик менен министрликтин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде бул маселе чечилбесе, биздин бүтүрүүчүлөр, ата-энелер бар, аларда өз укуктарын коргоого даяр”, деп Гүлнара Искакова айтты.

Америка университетинин “юриспруденция” бөлүмү 1998-жылы негизделген. Беш жыл аралыгында 73 бүтүрүүчү юридикалык диплом алган.
XS
SM
MD
LG