Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:40

10-ИЮЛДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


1854-жылдын бул күнү бугу манаптары Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго кат менен кайрылышкан. Орто Азиядагы жергиликтүү калкты оорук ишине тартуу туурасындагы падышалык бийликтин жардыгы кыргыз калкынын да каршылыгын жараткан.

1854-жылдын бу күнү бугу манаптары Батыш Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго кат жазышкан. Бугу манаптары 1853-жылдын сентябрь айында империядан букаралык сурап кайрылганы жана ал ырасимди бекемдеп шерт кармаш үчүн тиешелүү адамдарды жиберүү өтүнүчүн билдиришкен.

1867-жылы Жетисуу казак аскер бөлүгү уюшулган. Жаңы аскер бөлүгүнүн негизин 9 жана 10-сибирь казак-орустарынын полктук округдары түзгөн. Жетисуу областынын Пишпек жана башка айрым уезддеринде казак станцалары курулган. Алар бейпил маалда бир атчандар полкту, согуш убагында үч полк чыгарууга милдеткер болушкан. Совет мезгилинде казак кошууну таратылып, алардын калган-каткандары Чыгыш Түркстанга качкан.

Орто Азиядагы жергиликтүү калкты оорук ишине тартуу туурасындагы падышалык бийликтин 1916-жылдын 25-июнундагы жардыгы кыргыз калкынын да каршылыгын жараткан. Жардыкка каршы кыймыл башында Кыргызстандын түштүгүндө 10-июлдан тарта башталып, козголоңчул маанай июль айынын аягына чейин уланып турду.

1948-жылы борбор шаарда орун алган «Красный металлист» заводу кир жуугуч машина өндүрүшүн өздөштүргөн. Бир жарым кило кир жууй турган машина кийин «Киргизия» деп аталып, кыска аралыкта ал айымдардын алмашкыс буюмуна айланган.

1959-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын археологиялык отрядына караштуу аквалангисттер Баетова айлына жакын жердеги Ысыккөлдүн түбүнөн орто кылымга таандык шаар калдыгын табышкан. Археологдордун көңүлүн карападан жасалып, глазурь менен капталган суу түтүктөрү бурду. Мындан тышкары шаар чалдыбарынан чыккан жыгач көпүрөлөр «археологиялык табышмак» деп аталып, окумуштуулар арасында талаштарды жараткан.

Бу күн, орус почта күнү катары белгиленип, 1900-жылы Париж метросу ачылып, 1942-жылы Кызыл Армия үчүн нан фондусун ачуу жардыгы кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG