Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

БОРБОР АЗИЯДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ ДАГЫ ЭЛЕ КЫСМАКТАЛУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Борбор Азия өлкөлөрүнүн басма сөз эркиндиги Европадагы коопсуздук жана кызматтьыштык уюмун камтама кылган проблема болуп кала берүүдө. Уюмдун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча жооптуу кызматкери мажарстандык журналист Миклош Харатси "Азаттыктын" кабарчысына берген интервьюсунда региондогу айрым проблемаларга токтолгон эле.

Харатсинин айтымында Борбор Азия жумурияттарында басма маалымат каражаттары, радио-телевидение менен интернет басылмалары кеңири тараган. Бирок телевидениенин үстүнөн көзөмөл бийликтердин колуна кала берүүдө.

"Басма сөз маалымат каражаттарында плюрализм радио жана телевидениедегиге караганда көбүрөөк орун алган. Бирок радио жана телеберүүлөрдө, ал тургай коомдук телевидение жана коомдук радиолорду түзүүгө аракеттенген өлкөлөрдө маалыматтын монополдоштурулуп, саясий турмушта болуп жаткан окуяларды толугу менен жана обьективдүү чагылдырбай жатканы байкалат",- дейт Харатси.

Харатсинин айтымында, Борбор Азиянын беш жумурияты тең маалымат каражаттарына урматтоо менен караган советтик менталитетти сактап калышкан. Ошон үчүн ал жерде медианын ишин батыштын демократиялык стандарттарына төп келе тургандай мыйзамдардын кабыл алынышына чейин али көп бар. Азырынча дейт Харатси, биз Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөсү болгон бул өлкөлөрдүн маалымат каражаттарын демократташтыруунун жакын максаттарын гана белгиледик. Биринчи максат бул маалымат каражаттарын өз пикирин ачык айтып, ак сүйлөгөндүгү үчүн кылмыш жоообуна тартууну токтотуу. Ошон үчүн биз бул региондогу баардык өлкөлөргө кайрылып, басма сөз эркиндигине байланышкан процедуралардын баарын кылмыш кодексинен жарандык кодекске көчүрүү максат койдук. Анткени кылмыш кодекси боюнча жоопко тартуу ачык айтып ак сүйлөгөн журналисттерди түрмөгө каматып, же биротоло сүйлөгүс кылып, кысмактоодо.

Өлкөлөрдүн маалымат каражаттарына байланыштуу ишине мындай кийлигишүүбүзгө тигил же бул өлкөлөрдө журналисттердин жана маалымат каражаттарынын ишин кысмактаган мыйзамдардын кабыл алынышы түрткү болууда. Мисалы, Казакстанда өкмөт басылмалардын саны ого эле көбөйүп кетти деген шылтоо менен маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамга гезит-журналдар жана интернет, радио жана телеберүүлөргө чектөө киргизген мыйзам кабыл алды.

"Алар мыйзамга оңдоо киргизип, эми ал түзөтүүлөр маалымат каражаттарына каршы көрүлө турган чараларды катаңдатууда. Анан калса маалымат каражаттарынын баары кайра каттоодон өтүп, андай кайра каттоо басылманын кеңсесинин дареги өзгөргөн сайын жүргүзүлүүгө тийиш. Ошону менен бирге каттоодон өтүү үчүн акча төлөө эрежеси киргизилди. Эң негизгиси, мурда соттун чечими менен жабылып калган маалымат каражаттарында иштеген журналист кайсы бир башка маалымат каражатына жумушка орношо албай калды. Ошентип, журналисттер соттун чечиминен тышкары дагы бир жазага тартылууда",- дейт Харатси.

Сөзүнүн бул жеринен Харатси президент Нурсултан Назарбаев бул мыйзамга вето койооруна үмүттөнүп турганын билдирди.
XS
SM
MD
LG