Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

АК КӨПӨЛӨКТӨР АЙЛАНЫ КЕТИРҮҮДӨ


Шейшембидеги гезиттерде өлкөдөгү коомдук-саясий окуялар, ага кошумча дүйнөлүк футбол мелдешинин жыйынтыгы, италиялык курама команданын жеңиши тууралуу кабарлар, ойлор, пикирлер, сунуштар, комментарийлер жарыяланды.

Шейшембидеги «Кыргыз руху» гезити Жазгүл Масалиеванын «Алтын оюндары» деген макаласын басты. Анда «алтын чыры» кыйладан бери бүтпөй келаткандыгы, мына эми «Жерүйгө» байланышкан талаш басылбай келатканы айтылган. Көл кылаасындагы Тамчы абамайданына инвестиция алып келет деген Москва калаа башчысын кучак жая тосуп алган кыргыз бийлиги англиялык ишкердин коопсуздугун камсыз кыла албагандыгы белгиленген.

«Алтын чыры» Кыргызстандагы коррупцияны башаты, «Оксус Голд» компаниясынын тегерегиндеги талаштар дагы күчөйт окшоп калды. Себеп дегенде «Жерүй» алтын кени мыйзам тартибинде тендерге коюлбай, келишим боюнча башка компанияга бероилгени туру.

Өнөр жай темасына арналган дагы бир макала «МСН» гезитинде чыкты. Журналист Лариса Линин ырасташынча, өкмөттүн ыкластуу аракети менен орусиляк ишкерлерге сатылып кеткен Майлысуу электрлампа заводунун тагдыры бүдөмүк. Заводдун ээси болуп чыга келишкен орусиялык ишкерлердин иши жүрүшпөй, «В.А.В.С.» холдинги банкротто отурат. Майлысуу электр лампалары заводун күрөөгө коюп орусиялык ишкерлер 80 миллион ашуун доллар акча кредитке алган. Ал акчаларды орустар кайтаралбай калышты. Эми Майлысуу электр лампалары заводун орусиялыктар башка бирөөгө сатышабы же мордовиялык «Лисма» заводуна атаандаш ишкананы биртоло жаап салабы, бул да белгисиз. Кыргызстандын өкмөтү Майлысуу электр лампа заводунун акцияларын сатуу толгон-токой мыйзам бузуулар менен өткөнүн көрүп туруп эле көрбөй койгон, деп маалымдайт Л.Ли.

Азыркы өкмөттүн аракети деле жалаң экономикага багытталып, «экономика, экономика жана да экономика» деп отурганын шейшембидеги «Словов Кыргызстана», «Кыргыз туусу» гезиттеринде берген маегинде өкмөт башчынын орунбасары Данияр Үсөнов билдирди.

Оппозиция бийликке он талапты койду эле, бирок анын жакын арада аткара турган түрү көрүнбөйт. «Күзгө дейре аз убакыт бар, кокус бийликтин жүрүшү нак ушундай уланса, анда эле эки жээктин эрөөлүндө от чыкпайт деп эч ким кепил боло албайт», деп белгилейт шейшембидеги «Агым» гезити.

Ушул эле гезитте мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун «Тил душманы «киргиздер» деген аталышта гезит окурмандары менен маеги жарыяланган. Кыргызстанда чет тилиндеги аталыштар, орус тилинде документ даярдоо, мамлекеттик тилди өгөйлөө тенденциясы күчтүү. Чет тилден кирген терминдерди, атоолорду кыргызча которуу, орфогрфия эрежесин жөнгө салуу милдеттери турат, дейт тил комиссиясынын жетекчиси.

Жай келгени Ысыккөл жээгине эс алганы келгендер көбөйөт. Бирок да Көл кылаасына келген туристтердин көңүлүн кайт кыла турган көрүнүштөр толтура экендиги «Агым» гезитиндеги А.Айдаралиевдин «Эч кимди эч ким тоотпосо эмнебизге өсөбүз?» деген макаласында баяндалган.

Дүйнөлүк футбол мелдешинде Италиянын командасы жеңишке жеткенин шейшембидеги гезиттердин баары жазышты. Төрт жылда бир өтчү чоң спорттук мелдешти миллиондогон адамдар көгүлтүр экран аркылуу көрүштү. Чоң мелдеш өтүп аткан чакта Кыргызстандын Ички иштер министрлиги да футбол оюнун уюштуруп, ага 70 жаштагы ардагер да катышканын «Кыргыз туусу» гезити жазды.

Журналист Козубек Иманкуловдун «Бажыканадагылар неге бакубат жашашат?» деген кабары да ушул эле гезитте жарыяланган. Автордун ырасташынча, бажыканадагылардын бардар жашоосунун бир себеби өздөрүнө көп айлык акы, ай сайын сыйлыктарды жазып алышына байланыштуу экен.

Айыл чарбасынын көйгөйү, кыргызстандыктар жылына канча буудай керектешет, эгин-тегинди жок кылып жатканы зыяндуу курт-кумурскалар, дыйканчылык кылуунун кымбатка туруп атканы Турсунбүбү Баетованын «Мээнети катуу дыйкандардын тапканы таттуубу?» деген макаласында баяндалган. «Саранчылар санаага салса, ак көпөлөктөр айла кетирүүдө» деп жазат автор.
XS
SM
MD
LG