Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

ЕГИПЕТТЕ МАРТАБАЛУУ АДАМГА ТААНДЫК КАБЫР ТАБЫЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага

Айтылуу фараондор түздүгүндө мартабалуу адамга таандык жаңы мүрзө табылды

Бул окуя египтологдор менен тарыхчылар үчүн күтүлбөгөн нерсе болду. Акыркы жолу ал жерден падыша Туттун мүрзөсү табылып, египтологдор бул жерде мындан башка байыркы мүрзөлөр табылаарына ишенбей калышкан эле. Сөз болуп жаткан кабыр падыша Туттун мүрзөсүнөн болгону беш метр жогорураак жайгашкан экен. Анда адамдын бальзамдалган мумиясы жок болуп чыкты, бирок анын ордуна кабырга бийик мартабалуу адамга тийешеси бар буюмдар коюлуптур. Ошентип 21-кылымдын башында археологдор салынганына 3000 миң жылдан ашкан дагы бир, тактап айтканда алтымыш үчүнчү мүрзөнү ачышты.

Планеталарды ачууга жардам бере турган жабдуу ойлоп чыгарылды

Американын Колорадо университетинин окумуштуулары башка системаларда жайгашкан планеталарды ачууга жардам бере ала турган жабдууну ойлоп табышты. Зор гүлдүн формасында жасалган, диаметри боюнча 45 метр келген зонт көрүүгө жолтоо болуп жаткан жарык жылдыздарды калкалап, жылдыздардан күңүртүрөөк болгон планеталарды көрүүгө жардам бермекчи. Жаңы иштелип чыккан жабдууга АКШнын НАСА коссмостук агенттиги кызыгып калды. Зонтту жердин орбитасына чыгарып, изилдөө жүргүзүү пландаштырылууда.

Канаттуулардын түрү азаюуда

АКШнын окумуштууларынын айтымында, жер жүзү боюнча ар жыл сайын канаттуулардын бүтүндөй бирден түрү өлүп, жок болуп кетип турат. Мунун негизги себеби катары канаттуулар байырлоочу жердердин азайып бараткандыгы айтылууда. Мындан мурда окмуштуулар ар бир төрт жылдын ичинде канаттуулардын бирден түрү жок болуп турат, деп божомолдоп келишкен.


Туурасы бир нече жүз метр келген астероид жерге жакын жерден учуп өттү

НАСАнын айтымында, июлдун башында саатына 63 миң километр тездик менен учкан асканын сыныгы жерге айчалык жерге, же башкача айтканда 430 миң километр жерге чейин жакындап келген. Бирок жер менен астероиддин кагылышып кетүү коркунучу пайда болгон жок. Астрономдор келерки жүз жылдын ичинде мындай окуя кайталанышы ыктымал деп жатышат.

Эмне үчүн токойлор көп өрттөнүүдө?

АКШлык окумуштуулардын айтымында, Америкадагы токойлордун өрттөнүшүнө жалпы жердеги аба ырайынын жылып кетиши себепкер. Азыр окумуштуулар өрт баш аягы жок айланпа сыңарындай болуп кеткени жөнүндө сөз кылып жатышат. Анткени өрттөн улам, токойлор азайып, өрттөн чыккан түтүндү иштетип чыгуу кыйындоодо. Буга байланыштуу жердин климаты ого бетер жылып, өрттүн саны көбөйүүдө. АКШда токойлордун өрттөнүшү сексенинчи жылдардан баштап кескин күч алды.
XS
SM
MD
LG