Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:09

КУРШАБДАГЫ ШАЙЛООНУН БАШЫ ТАЛАШТАН ЧЫГА ЭЛЕК


Бүгүн Боршайком №39 Куршаб шайлоо аймагынын Түзбел участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгына жараша талапкер Санжар Кадыралиевди ЖК депутаты деп таануу тууралуу чечимдин долбоорун сунуштады. Бирок БШК мүчөлөрүнүн пикирлери экиге бөлүнүп, маселе чечилбеген бойдон калды.

25-июнь күнү эки тараптын тирешүүсүнөн улам добуш берүү токтоп калган Куршаб шайлоо округундагы Түзбел участкасында эми кайра шайлоо өткөргөнгө мыйзам жол бербейт. Мына ушул себептен БШК шайлоо кодексин даярдап, кабыл алган Жогорку Кеңешке бул кырдаалга баа берүүсүн өтүнүп кайрылган. Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана укук комитети шайлоо кодексинин 46 беренесинин 4-пунктуна ылайык, Түзбел участкасындагы шайлоону жокко чыгарып, калган 31 участоктун жыйынтыгы менен чечим чыгаруу мыйзамдуу болот деген баасын берген.

Буга байланыштуу БШК 11-июль күнү отурум өткөрүп, анда талапкер Кадыралиевди ЖК депутаты деп таануу тууралуу токтомдун долбоору каралды. Мындан тышкары БШКнын мүчөсү Жылдыз Жолдошеванын сунушу менен комиссия мүчөлөрүнө Түзбел участогундагы шайлоонун жүрүшү тууралуу ички иштер органдары тартып алган видео материал көрсөтүлдү.

БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова Түзбел участкасында шайлоонун үзгүлтүккө учурашына талапкер Санжар Кадыралиевдин кызыкчылыгы бар деген сөзүн айтты:

-Анткени мыйзамга ылайык калган 31 шайлоо участкасындагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ал депутат болуп каларын жакшы билген. Мен муну эмнеден улам айтып атам? Анткени Кадыралиевдин адамдары карапайым шайлоочуларга эле эмес, мурдараак бизге, БШКнын мүчөлөрүнө да күч колдонушкан. Алдыбызга күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү коюп, алардын шартын аткарбасак, өрттөп жиберебиз деп коркутушкан. Кадыралиевдин командасы үч саат бою бизди эч жакка чыгарбай, БШКнын чечимин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербей камап отурушкан.

Жаркын Бапанованын сөзүнө анын кесиптеши Абдыжапар Бекматов каршы чыкты. Анын айтуусунда видео материал бир жактуу жыйынтык чыгарууга негиз болуп бере албайт. Бекматов шайлоонун тынч өткөрүүгө эки талапкердин тең кызыкчылыгы болгон жок деген пикирин билдирди:

-Биз шайлоо болордон бир күн мурун барып, Ош облусунун губернаторуна, күч органдарынын жетекчилерине жана эки талапкерге кайрылганбыз. Алардын экөөнөн тең телефон аркылуу шайлоону тынч өткөрүүгө жардам берүүлөрүн өтүнгөнбүз. Бирок тилекке каршы алар келгени менен, өздөрүнүн тарапкерлерин тынчтыкка чакырышкан жок.

Бекматовдун ою боюнча, шайлоо учурунда кырдаалдын курчуп, шайлоонун үзгүлтүккө учурашына шайлоочулардын тизмесинин туура эмес түзүлгөнү жана тартип коргоо органдарынын тиешелүү түрдө шайлоону тынч өткөрүүнү камсыздап бербегендиги себеп болгон.

БШКнын айрым мүчөлөрү мыйзамга ылайык, Түзбел участкасында кайрадан добуш берүүгө мүмкүн эмес экендигин белгилеп, калган 31 шайлоо участкасынын жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алуу зарылдыгын белгилешти.

-Шайлоо өтпөй калды, үзгүлтүккө учурады. Биздин колубуздагы мыйзам боюнча калган 31 участоктун жыйынтыгы боюнча чечим чыгарышыбыз керек,- деди комиссия мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Анын сөзүнө комиссиянын бир нече мүчөлөрү каршы чыгышты. Алар ушул бойдон жыйынтык чыгарып коюу мындан кийинки шайлоолорго да терс таасирин тийгизүүсү мүмкүн экендигин айтып, тынчсызданышты. Жылдыз Жолдошева шайлоону үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар болгон талапкер шайлоодон четтетилиши керек деген пикирин билдирди:

-Шайлоо кодексинин 56-беренеси боюнча шайлоону аягына чыгарууга кайсы бир талапкер тарабынан мүмкүнчүлүк берилбесе, ал талапкер оюндан чыгышы керек. Түзбелде кан төгүлүп кете жаздады. Мына ушундан кийин биз 31 участоктун жыйынтыгы менен чечим чыгарсак, анда шайлоо комиссиясынын ар бир мүчөсү жоопко тартылууга тийиш болот. Түзбелде кайра шайлоо өткөрүү керек.

Эки тараптуу талаш-тартыштан кийин комиссия мүчөлөрү өздөрүнүн ой-пикирлерин сунушташты, бирок добуш берүүдө алардын бири да өткөн жок. Аягында бир чечимге келе албаган комиссия мүчөлөрү бул маселеге кийинчерээк, кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин кайрылууну туура көрүп, тарап кетишти.

Буга бир жагынан талапкер Мамат Орозбаевдин шайлоо кодексинин 46-беренесинин 4-пунктун аныктап, карап берүү тууралуу Конституциялык сотко кайрылганы да себеп болду. Талапкердин айтымында, бул берене боюнча шайлоо үзгүлтүккө учураган участоктун шайлоочуларынын конституциялык укугу бузулуп жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG