Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ЭКОЛОГИЯ: БАКУ-ЖЕЙХАН МУНАЙ КУУРУ КАСПИЙДИН ТҮБҮНӨ ЖЕТЕБИ?


Каспийдеги мунайды Батышка ташып бара турган Баку-Тбилиси-Жейхан долбооруна айлана-чөйрөнү коргоочулар башынан эле караманча каршы. Экологдор Жейханга чейин тартылган куур жер титирөө, көчкүлөр көп болуп турган кооптуу аймакты аралап өтөөрүн айтып, мунайдын агып чыгуу коркунучу жаратылышка оор залалын тийгизет деп эскертүүдө. Грузиялык эколог Манана Кочладзе Баку-Жейхан кууруна каршы жүргүзгөн активдүү аракеттери үчүн 2004-жылы эл аралык Голдман сыйлыгына татыган. Кочладзе айым эл аралык куурдун ачылыш аземи алдында “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

Кавказ чөлкөмүндөгү белгилүү эколог Манана Кочладзе айым адегенде Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурунун тегерегиндеги башкы тынчсызданууларына токтолду.

- Биринчиден, мунай куурунун багыты бизди тынчсыздандырбай койбойт. Ал Грузиядагы Боржоми өңдүү абдан сезимтал аймактарды аралап өтөт. Куурдун кайсыл бир жеринен кара май таамп акчу болсо, ал жаратылышка эбегейсиз зыян алып келет. Эл ичип аткан таза суу булганат, дарыялар кирдейт, Боржомидеги минералдык суу эмне болот? Андан сырткары мунай кууру мыкты эл аралык стандарттарга ылайык курулбаганын эске алсак, анын дат басып, бузула башташы ыктымал деген коркунуч пайда болот.

Кочладзе айымдын бул айткандарынан улам: Баку-Жейхан-Тбилиси мунай кууруна ээлик кылган консорциум куурдун коопсуздугуна кепилдик берип жатпайбы? – деген суроо узатсак, Грузиялык эколог төмөндөгү аргументтерин сунду.

- Биздин изилдөөгө катышкан экспеттердин айтымында, Баку-Тбилиси-Жейханды тартууда пайдаланылган технологиялар буга чейин мунай өнөр жайында дегеле колдонулуп көргөн эмес. Анда мунай ташыла баштагандан 7-8 жыл өтпөй дат баса башташы мүмкүн деген чочулоо бар. Дат басса, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучу кыйла жогорулайт.

Кочладзе айым андан аркы сөзүндө Баку-Тбилиси-Жейхан куурун кай багытта тартуу маселеси жергиликтүүү адистер, коомчулук менен эч кеңешпей туруп түзүлгөнүн, кийин да бейөкмөт уюмдар долбоорду ишке ашырып жаткан консорциум менен сүйлөшүүгө аракет кылганда майнап чыкпаганын айтып отурду.

- Биз башынан эле Баку-Жейхан куурун жалгыз Азербайжандын мунайы канааттандырбайт деп какшап келатканбыз. Эми ага жакында Казакстан кошулуп, биздин коркконубуз бекеринен эмес экени ырасталды. Эми Казакстандын Кашаган жана Теңиз кендеринен казылган мунай танкерлер менен Каспийдин үстү аркылуу ташыла баштаса, деңиздин өзүнө да чоң коркунуч туулат. Кара май ташып келаткан кеме кокустан кырсыкка учураса, деңизге, айлана-чөйрөгө орду толгус зыян тийгизээри айтпаса да түшүнүктүү.

Грузиялык эколог андан сырткары Боржоми чөлкөмүндө, Азербайжанда бул муунай куурунун тегерегиндеги айыл-кыштактарда далай үйлөр бузулганын, куур жараткан майда титирөөдөн улам далай курулуш жайлар керекке жарабай калганын баяндады. Кочладзе айым жергиликтүү экологдордун айткандары эске алынбай жүзөгө ашырылган мунай кууру эми иштеп баштаган соң, алардын эмки аракети эл аралык келишимдерге бул куурдун айынан зыян тарткан жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын толук бойдон киргизүүгө жумшалаарын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG