Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ КЫРДААЛ ЧОҢ СОГУШ КОРКУНУЧУН ПАЙДА КЫЛУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Ушул күндөрү Жакынкы Чыгышта абал өтө курчуп турган чагы. Израил бир эле убакта эки башка жерде согушуп жатат. Бир четинен, канча күндөн бери Газада аскерий операциялар уланууда, экинчи жагынан, Ливан менен тирешүү улам күчөп баратат. Бул жагдай барган сайын регионалдык чоң конфликтке алып келиши мүмкүн.

Өткөн шаршембиде, 12-июлда, эки жөөт аскерин Ливандагы “Хезбалла” радикал тобу туткунга алышын Израил ага каршы жарыяланган согуш катары кабыл алды.

Ливан-израил чекарасында болгон окуя кийин күтүлбөгөн чоң чатакка айланып кетти. Ошол эки аскерди куткарып алууга аракет кылган израилдиктердин ичинде сегизи окко учуп өлдү. Ошондо Израил Ливанга каршы соңку 24 жылдан берки эң алкактуу аскерий операциясын баштады.

Мурдагы түнү жана кечээ Израил Бейруттагы эларалык аба-майданын иштен чыгаруу үчүн ал жерге бомба жаадырды. Шаршембиде Ливандын түштүгүндөгү көпүрөлөр менен көчөлөр өрттөлүп, “Хезбалланын” көзөмөлүндөгү сыналгы каналынын имараты да курчоого алынды.

Ливандык бийликтер израилдиктердин чабуулунан кеминде эле 47 ливандык өлгөнүн кабарлашты. Израилдин согуш кемелери деңиз тараптан жана аскерий учактары абадан өлкөнү толук курчоого алышты.

“Буга жооп иретинде “Хезбалла” Израилдин Хайфа деген портунда ракета учурду” деп кабарлашты израилдик бийликтер. Ал эми “Хезбалланын” жетекчилери бул маалыматты четке кагып жатышат.

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн штабынын башчысы Дэн Халутз “Хезбаллага” ачык талап койгондой болду.

- Эгерде Израилдин шаарларына каршы ракеталар учурула турган болсо, Бейрутка каршы чабуулдар башталат. Биз кечээ Бейруттагы аба-майданына чабуул койдук. Муну менен Ливан өкмөтүнө, навада Израилге каршы аракеттер боло турган болсо, бул жерде да эч нерсени коргоп болбой турганын эскерттик, - деди Ден Халутз.

Израил Ливанга каршы аскерий чабуулдарынын маанисин анын ачыктыгында деп түшүндүрөт. Анткени “Хезбалла” - ливан өкмөтүнүн бир бөлүгү. Демек, бул радикал топ Израилге каршы көрүп жаткан чабуулдар үчүн ливан өкмөтү жоопкердүү деп билет.

Улуттар уюму атайын резолюия кабыл алып, “Хезбалла” куралын ташташы зарыл деген чечим чыгарган. Бирок андай болбоду. Буга да ливан өкмөтү күнөөлүү деп билет Израил.

Вашингтондо Кошмо Штаттардын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Шон Маккормак “Хезбалланын” аракеттери ушинтип ливан өкмөтүнүн аброюна көө жапты деп эсептейт.
Иши кылып, Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаал Ливанды да, Израилди да өтө оор мезгилге туштап койду.

Израил эми кайра анын аскерлерин туткунга алгандардын талабын кароого кайта албайт өңдүү. Ошол эле учурда өлкө Ливан менен буга чейинки узакка созулган тирешүүсүнүн зыянын толук унута элек.

Ал кезде Израилдин башында Ариэл Шарон турчу. Азыр израилдик жетекчиликке, балким, дал ушул Шарондун кеңеши жетишпей жаткандыр.

Бирок Шарон азырга чейин эсин жоготуп, комада жатат.

XS
SM
MD
LG