Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

ЭЛАРАЛЫК КООМЧУЛУК ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ ЗОРДУК-ЗОБУНДУ ТОКТОТУУГА АРАКЕТТЕНҮҮДӨ


Төрөкул Дооров, Прага Жакынкы Чыгыштагы атышуулар дээрлик алты күндөн бери уланууда. Ливандык “Хезбалла” радикал тобу израилдик эки аскерди туткунга алгандан кийин, Израил Ливанга каршы аскерий чабуулун баштаган. Ага жооп катарында “Хезбалла” да израилдик шаарларга ракеталарды учуруп жатат. Эки тараптан тең өлгөндөрдүн саны өсүүдө. Кечээ Орусиянын Петербург шаарында “Чоң сегиздин” саммитине чогулган лидерлер да Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулап, биргелешкен билдирүү кабыл алышты

“Чоң сегиздиктин” саммитинде каралат деп жаткан башкы маселе, энергетикалык коопсуздук, арттап калып, негизги көңүл бул жолу Жакынкы Чыгыштагы кризиске бурулуп кеткендей болду.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин, Жакынкы Чыгыштагы тополоңго Иран менен Сирия “Хезбалланы” колдоп жатканы себеп болду деди.

- Жакынкы Чыгышта чыккан соңку чатакка жана региондогу стабилдүүлүктүн бузулушуна “Хезбалланы” Сирия жана Иран ачык эле колдоп жатышы, ошондой эле Сирия менен Иран ортосундагы мамилелер себеп болду. Андыктан бул проблеманы чечүү үчүн дүйнө анын себептеринин түп-тамырына кайрылышы зарыл, - деди АКШ президенти Жорж Буш.

Ал эми Франциянын мамлекет башчысы Жак Ширак өз сөзүндө Ливанды коргогондой болду.

Жекшембиде “Чоң сегиздин” лидерлери региондогу кырдаалды жөнгө салуу боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда “Израил тезинен аскерий чабуулдарын токтотушу зарыл” деп, лидерлер Тел-Авивди “мүмкүн болушунча токтоо болууга” чакырышты. Ал эми “Хезбалла” эки жөөт аскерин бошотуусу лаазым экени белгиленген. “Ошондо гана ал аймактагы зордук зобунду токтотууга болот” деп айтылат билдирүүдө.

Жакынкы Чыгыштагы чатакты дипломатиялык жолдор менен чечүү аракеттери да көрүлүүдө. Жекшембиде Ливанга өлкөнүн премьер-министри менен сүйлөшүү үчүн Евробиримдиктин Тышкы иштер боюнча координатору Хавьер Солана келди. Андан сырткары, ал жерде Улуттар уюмунун жетекчилигинин да өкүлдөрү жүрүшөт.

Израилдик аскерлердин Ливанга каршы чабуулунда жекшембиде 36 ливандык набыт болгону кабарланды.

“Хезбалла” да Израилдин аймагына каршы чабуулдарын улантып жатат. Жекшембиде Израилдеги Хайфа шаары талкаланды. Шаарга кеминде 20 ракета учурулганы кабарланууда. Алардын бирөө шаардын темир жол станциясына түшкөн экен, ал жерде иштеп жаткан 8 киши мүрт кетиптир.

Анын аралыгында Ливандан адамдарды башка жактарга көчүрүү да күчөтүлдү.

Ошол эле учурда, Израил Газа тилкесиндеги аскерий операциясын улантууда. Бүгүн таң эртелеп Израилдин согуш учактары Газа шаарында Палестинанын Тышкы иштер министрлигин бомбалашты. Ага күбө болгондордун айтымында, министрликтин имараты толук кыйраган. Керек болсо, ага жакын жайгашкан үйлөр да бузулуптур. Азырынча айтылган кабарларга караганда, бир нече киши жаракат алды.

Жакынкы Чыгышта кан төгүлүп жатышына католик чиркөөсүнүн көсөмү Бенедикт-XVI да тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG