Өкмөт башчы Феликс Кулов ведомстуктар аралык комиссиянын жыйыны калкты кантип табигый кырсыктардан сактап калуунун аргасын издеши керек деп билдирди.
- Аскер аба күчтөрүн колдонуу менен абадан чабуул жасоо, атом, водород бомбаларын таштап, абадан кол салуу болот деп айтыш кыйын. Бизде андай душмандар жок. Ошондуктан биринчи планга калкты табигый кырсыктардан, алааматтардан сактоо милдети чыгат.
Бул максатты жүзөгө ашыруу үчүн быйыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын башкаруу борборун керектүү техника менен жабдып, ишке киргизди. Министрликтин радиоактивдүү уулуу зат калдыктарына байкоо жүргүзүү, кырсыктарды алдын-алуу департаментинин жетекчиси Анаркул Айталиевдин айтуусунда, жаңы борборду жабдууга Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 150 миң долларлык грант жумшалды.
- Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жасалып жатат. Өкмөттүн ведомстуктар аралык комиссиясынын биринчи жыйыны кризистик борбордун ситуация залында өттү. Бул жерге кеткен каражатты айта турган болсок, бул грант түрүндө берилген. Аны Дүйнөлүк банк бөлүп берген. Азыркы турган турушу 150 миң долларды түздү. Ушул жаңы системага керектүү приборлор, жабдуулар облус борборлорунда да уюштурулат. Муну каржылоону Дүйнөлүк банк уланта берет.
Өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөмбеков жаңы борбор үч иретте жүргүзүлчү иштин биринчиси гана дейт. Анын айтуусунда, Бишкектеги башкаруу борбору менен облус, айрым шаар, райондордо орнотулган маалымат бөлүмдөрү ыкчам байланышка чыгып турмакчы.
- Бул борбор бизге тыйынга эле турду десек болот. Биз эларалык каржы уюмдары менен сүйлөшүп, Дүйнөлүк банк, ЕККУнун көмөгү аркылуу грант бөлүнүп, борбор түзүлдү. Бул иштин биринчиси эле. Артынан экинчиси, үчүнчүсү чыгат. Биз бүтүндөй республика боюнча бир система түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Алар түзүлгөн соң облус борборлору менен түз телеконференция өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алабыз,- дейт Жаныш Рүстөмбеков.
Азырынча андай байланыш Ош шаары менен гана орнотулган. Жыйын өтүп аткан маалда экинчи борбордон Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орунбасары Болот Айдаралиев сөз алып, министрлик керектүү маалыматтардын баарын топтогонун билдирди.
- Биз азыр кайсы жерде канча техника бардыгын так айтып бере алабыз. Борбордо түзүлгөн мындай ишти дагы тереңдетүү керек,- деп айтты Болот Айдаралиев.
Жаңы борбордо түзүлгөн керектүү маалыматтар маал-маалы менен жаңыланып турат. Адистердин айтуусунда, эми маалыматты жеринен алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул өз кезегинде табигый кырсыктарды алдын-алууга шарт түзөрүн жыйын катышуучулары баса белгилешти.