Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:09

ТЕРРОРИЗМДИН ТИШИН БИШКЕК МЕНЕН ТАШКЕНТ БИРГЕЛЕШИП ЧАГАТ


Кыргызстан менен Өзбекстан мындан ары эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы биргелешип күрөшө турган болду. КМШ өлкө жетекчилеринин Москвадагы бейрасмий жыйынында жолугушкан эки өлкө президенттери ушундай чечимге келишти. Ага улай эле ушул жуманын башында Өзбекстандын Фергана шаарында эки өлкөнүн коопсуздук кызмат башчылары кездешип, биргелешип күрөшүү жолдорун талкуулашты. Коомчулуктун бир бөлүгү муну кубатташса, дагы бир бөлүгү Өзбекстандын бул багыттагы саясатынан улам биргелешип күрөшүүдөн чочулашууда. Айрым байкоочулар болсо терроризмге каршы ар бир өлкө өз саясатына жараша күрөш жүргүзүүсү зарылдыгын айтышууда.

Апта башында Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн жолугушууда эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматтарынын башчылары Бусурманкул Табалдиев менен Рустам Иноятов террорчулукка жана экстремизмге каршы биргелешкен күрөштү күчөтүү тууралуу сйлөшүштү. “Жолугушуу эки президенттин сүйлөшүүлөрүнөн кийин койулган милдет-тапшырмалардын негизинде өттү. Анда диний-экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү, маалымат алмашуу, биргелешкен операцияларды өткөрүү маселелери макулдашылды”,- дейт улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу өкүлү Токоев.

Эки өлкөнүн терроризмге каршы биргелешип күрөшүү чечимин коомчулук кандай кабылдоодо? Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Алишер Абдымомуновдун пикиринде, бул маселеде ар бир өлкө өз саясатына жараша күрөш жүргүзүшү керек.

- Өзбекстандын терроризм боюнча түшүнүгү башка, биздики башка болушу керек. Террорист же терроризм дегенди көрүп, изилдеп туруп гана баа берип, далилдеш керек. Эми Өзбекстан менен биргелешип күрөшүүдө биздин бийлик алардын айтканын кылчу болсо биздеги өзбек жарандарын же өз жарандарын деле өзбек тараптын маалыматы бар экен, бул террорист экен деп берип койушу мүмкүн.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо биргелешкен аракет оозеки сүйлөшүү аркылуу эмес атайын келишимдер аркылуу жүрүшү зарыл деп эсептейт:

- Терроризмге каршы кызматташуу биринчиден оозеки сүйлөшүүлөрдүн же бири-бирине жагыныш үчүн эмес эл аралык макулдашуулардын негизинде болушу керек. Эки мамлекет ортосунда келишимдер түзүлүп, эки өлкө парламенттери аны ратификациялаган соң гана биргелешкен аракеттер жасалышы зарыл.

Ал эми оштук саясат таануучу Икбол Мирасадиов адегенде терроризмдин тамыры менен күрөшүү керектигин айтат:

- Эки өлкөнүн бул жааттагы биргелешкен аракетин мен бир жагынан алганда кубаттайм. Бирок биз азыркыдай терррорчулуктун натыйжасы менен эмес, тамыры менен күрөшүү керек. Адегенде анын тамырын кыркуу керек. Адамдар эмне үчүн бул уюмдарды колдоп жатат, эмне үчүн алардын катарына өтүүдө деген суроолорго жооп издеш керек.

Ферганалык укук коргоочу Абдысалам Эргешовдун пикиринде, Борбор Азияда, асыресе Өзбекстанда ислам фанатизми, экстремизми, терроризми деген нерселер чоң саясий оюн менен байланышкан. «Бул бийликти катуу кол менен кармап туруу үчүн гана чыгарылган нерсе болушу мүмкүн»,- дейт өзбекстандык укук коргоочу.

Ал эми экс-депутат Алишер Абдымомуновдун пикиринде, маселенин түпкүрүндө экономикалык гана себеп турат:

- Түштүктө албетте проблема көп, чек аралар жабык. Анан халифат курабыз, чек аралар ачык болот десе каржалган карапйым калктын айрымдары ишенет ага жакшы болот экен деп. Азыркы бийликке ушул себептер менен күрөшүү керек. Бул жерде биринчи кезекте экономикалык гана себеп турат. Начар турмуштан, кыйынчылыктан чыгып жаткан нерсе бул. Аны албетте башка күчтөр, башка мамлекеттер өз кызыкчылыгына жараша колдонуп кетиши мүмкүн.

Улуттук коопсуздук кызматынын жооптуу өкүлүнүн айтымында учурда Кыргызстанда, анын ичинде өлкө түштүгүндө кырдаал жалпысынан тынч жана катуу көзөмөлдө.

XS
SM
MD
LG