Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

ОШ : АЧЫККА ЧЫГЫП БАШ ПААНЕК СУРАГАН ӨЗБЕК ЖАРАНДАРЫ КӨБӨЙДҮ


Кубанычбек Жолдошев, Бишкек Ош шаарында ачыкка чыгып, баш паанек сураган өзбек жарандарынын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Шаардык миграция башкармалыгы өзбек жарандарынын бул кадамдарын тартип сактоо органдары тарабынан паспорттук режимдин күчөтүлүп жатышы менен түшүндүрдү.

Ош шаардык миграция башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн эки аптанын ичинде эле мурдагыга кошумча он беш өзбек жараны качкын макамын ыйгаруу сунушу менен кайрылышкан. Жыйынтыгында учурда Кыргызстандан баш паанек сураган өзбек жарандарынын жалпы саны кырк эки адамга жетти. Алардын ичинен он бирин аялдар жана тогузун жаш өспүрүм балдар түзөт:

-Акыркы мезгилдерде бизге качкын макамын сурап кайрылгандардын саны көбөйүүдө. Акыркы он беш күндүн ичинде он бештен ашуун киши макам маселеси боюнча кайрылган. Бүгүнкү күндө биз алардын он бир кишисине күбөлүктү бердик,- деди Ош шаардык миграция башкармалыгынын башчысы Нуриля Жолдошева.

Адистердин айтымында, былтыркы Анжыян окуяларынан бери Кыргызстандын аймагына өтүп келишкен өзбек жарандарынын көпчүлүгү мыйзамсыз түрдө жашырынып өтүшкөн жана өзүн баш паанек издеген адамдар катары жергиликтүү тиешелүү органдарга кайрылып, каттоодон өтүүдөн коркушкан болушу мүмкүн.

Шаардык миграция башкармалыгынын качкындар иштери боюнча жетектөөчү адиси Канат Осмонов жашырынып, баш паанек издеп жүрүшкөн өзбек жарандарынын ачыкка чыгышып, каттоодон өтө баштаганын паспорттук режимдин күчөтүлүшү менен байланыштырды:

- Коркушуп убагында келген эмес. Эмнеге коркушат. Булардын ойлору боюнча алардын бийлиги менен биздин бийлик экөө сүйлөшкөндө макул болгондой деп ойлошот. Негизи андай эмес. Биз өзүбүз мыйзам чегинде иш алып баратканыбызды алар билген эмес. Акыркы паспорттук режим болгондон бери булар аргасыз келип каттоодон өтүп жатышат,- дейт Канат Осмонов.

Анткен менен “Ош адилеттүүлүгү” укук коргоо уюму кийинки бир жумада өткөн жылкы Анжыян окуяларын катышы бар деп шектелген өзбек жарандары кармалып, алардын арасынан бир нечеси өзбек бийлигине өткөрүлүп берилди деген маалымат таркатып, бирок ал маалымат жергиликтүү тартип сактоо органдары тарабынан төгүндөлгөн эле.

Аталган укук коргоо уюмунун жетекчиси Салижан Майытов Минск конвенциясынын шарттары анын аткаруучу тараптын кызыкчылыгына туура келбей тургандыгын айтуу менен баш паанек издөөчү өзбек жарандарын маселесин кароодо этият болууга чакырды.

- Минск конвенциясынын шарттарын аткаруучу тарапка бир кыйла эле зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы үчүн, дүйнөлүк коомчулукта Өзбекстан айрым бир өз атуулдарын кыйноого жана куугунтуктоого алган өлкө катары таанылып калды. Мындай шартта Минск конвенциясынын кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча шарттары оорго туруп, кийинкилигине жоопкерчилик болуп калышы мүмкүн,-деди Салижан Майытов.

Ош шаардык миграция башкармалыгынын маалыматына караганда, баш паанек сурап кайрылган өзбек жарандарынын көпчүлүгүн укук коргоочулар, оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын мүчөлөрү жана карапайым адам түзөт.

Башкармалыктын жетекчиси Нуриля Жолдошева алардын Кыргызстанга өтүп келгенге чейин эмне иш менен алектенгендиги кылдат текшерилип жаткандыгын белгилеп өттү.

-Биз ходотайствосун каттап, колуна күбөлүктү бергенден кийин ал жаран негиздүү түрдө баш паанекти сурап жатабы же болбосо тескерисинде негизсизби деген суроону жана баш паанек процедуранын ичинде ошол убакта аныктайбыз,- дейт Нуриля Жолдошева.

XS
SM
MD
LG