Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Ливан жана бейөкмөт уюм Израилдин бомбалоосунан деңизге мунай төгүлүп жаткандыгын кабарлашууда


Ливандын айлана-чөйрө министринин маалыматына ылайык, Түштүк Ливандагы электр бекетиндеги мунай челектери бомбалангандан, Жер Ортолук деңизине буга чейин болуп көрбөгөн масштабда зыян келтирилди. Якуб Саррафдын айтымында, эки жуманын ичинде деңизге 15 миң тонна мунай куюлуп кетти. Кувейттин өкмөттүк эмес Жашыл тилке уюму мунайды тазалоо үчүң эл аралык конференция өткөрүүгө чакырды. Ливандын кумдуу жектеринин бир бөлүгүн кара май басып калды. Балыкчылар жээкте кара май болгон жүздөгөн балыктарды көрүшкөнүн кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG