Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

ИЗРАИЛДИН БОМБАЛООСУНАН ЛИВАНДА 50 АЙЫЛ ТУРГУНУ МЕРТ БОЛДУ


Израил бүгүн Ливандын түштүгүндөгү Кана деген айылды бомбалап, 50 кишинин канына забын болду. Ушуга байланышту жаңжалды токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер үзгүлтүккө учурап, көптөр Израилди айыптап жатышат.

Ливандын өкмөт башчысы Фоуан Синиора чабуулдар дароо токтотулбаса, анын өкмөтү эч кандай тынчтык сүйлөшүүсүнө кошула албай тургандыгын билдирди:

- Бул кайгылуу саатта ок атууну дароо жана шарт коюсуз токтотуудан башка эч нерсе жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Ошондой эле Израилдин Ливандагы кыргынына эл аралык тергөө жүргүзүш керек.

Кана айылында турак имаратын бомбаланганда курман болгондордун бир тобу жаш балдар экендиги кабарланууда. Куткаруу иштери уланып жатат.

Аман калгандардын бири учактар түнкү саат бир-экилерде, элдер уктап жатканда бомба ташташканын билдирди.

Израил армиясынын кабарлашынча, Хизбулланын согушчандары бүгүн бомбаланган айылдан Израилди ракетадан аткылап жаткан жана чабуулдун алдында тургундарга айылдан кетүүгө эскертүү берилген. Чабуулга чейин Хизбулланын жол башчысы Хасан Насралла Израил чабуулун токтотпосо, Израилдин борбордук аймактарына дагы ракета атылаарын эскерткен эле.

Кана чабуулун Франция, Британия, Европа Биримдиги, Иордан жана башка өлкөлөр айыпташууда.

Бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Бейрутка сүйлөшүүгө келмек, бирок Ливандын өкмөт башчысы жолугушуудан баш тарткандыктан, бул арачылык сапар болбой калды. Райс азыр Иэрусалимде Израилдин мамлекет башчылары менен жолугушуп жатат. Ал Ливанда күнөөсүз адамдардын өлүмүнө терең кайгырып жаткандыгын ырастап, элдешүүгө убакыт келди деди. Бирок Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт анын өлкөсү элдешүүгө шашылбай тургандыгын бышыктады.

Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG