Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

31-ИЮЛДА КАНДАЙ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР БОЛГОН?


1825-жылдын 31-июлунда Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштeйн жетектеген экспедиция Кыргызстанга келген. 1876-жылдын 31-июлунда Чоң Алай жана Кичи Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары орус бийлигине моюн сунган.

1825-жылдын жай айында Кыргызстанга Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштeйндин экспедициясы келген. Дарыгер Ф. К. Зибберштeйндин “чөнтөк дептеринде” ушул жылдын 31-июлунда экспедиция Санташ ашуусуна чыккандыгы кабарланат. Саякатчы аймактын географиялык өзгөчөлүгүн, жаратылыш чөйрөнү, мындан кетчү соода жолдору туурасында кең-кесири кабар берет. Ф. К. Зибберштейндин кабарлоосуна ылайык, ушул эле күнү түнкү саат 11 чамасында кыргыздарга барымтага келген казактар орус аскерлерин көрүп качкандыгы маалымдалат.

1876-жылдын 31-июлунда Чоң Алай жана Кичи Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары орус бийлигине моюн сунгандыгын билдирип, өз өкүлдөрүн Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевге жөнөтүшкөн. Генералдын жазганына караганда түздүк аймакта жашаган ичкиликтер ага мындай өтүнүч менен кайрылышкан эмес.

Фергана аскер губернатору генерал-майор М. Д. Скобелевдин аскери, Кызыларт ашуусу аркылуу Кара көлгө качкан Абдылдабектин колунун аркасынан сая түшө кууган. 1876-жылдын 31-августунда капитан Боголюбов таңкы саат беште Каракөлгө келип, генерал-майор М. Д. Скобелев орун алган аймактан 65 чакырым алыстыкка жайгашкан. Орус аскерлери чар тарабын аска зоо тиреген жазы аймакта өргүүгө турушкан.

1876-жылдын 31-июлунда флигель-адъютант, полковник Витгенштейн аскерлери менен Каракөлгө келген. Орус аскерлери мындан бир сутка мурун өткөн Абдылдабектин жоокерлеринин изин табышкан. Колго түшкөн кыргыздардын көргөзмөсүнө караганда Абылдабектин колу Каракөлдөн экиге бөлүнүп, биринчи топту-Суранчы, Ашыр молдо, Ботбектер баштап Алтеңди ашуусу аркылуу Каратегинге, Абдылдабек баштаган экинчи топ болсо Чоңсуу капчыгайы аркылуу качкан.

2004-жылдын бул күнү кыргыз коомчулугу оор жоготууга дуушар болду. 31-июлда белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев жарык дүйнө менен кош айтышты.

2004-жылдын бул күнү Өзбекстан өлкөсү Ташкент шаарындагы 30-июль жардыруусуна байланыштуу кыргыз-өзбек чекарасын жапты.

Бул күнү, 1803-жылы швед техниги Жон Эриксон, 1914-жылы ажайып актер Луи де Фюнес, 1930-жылы клоун Олег Попов жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков, Бишкек
XS
SM
MD
LG