Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

1-АВГУСТТА КАНДАЙ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР БОЛГОН?


1825-жылдын бу күнү Жыргалаң айылында Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштейндин экспедициясын жергиликтүү калк жылуу тосуп алган. 1874-жылдын 1-августунда кыргыздар Сафедбулан кыштагына бекинишкен кокондуктарга кол салышкан.

1825-жылдын жай айында Кыргызстанга келген Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштейндин экспедициясы 1-августта Жыргалаң суусуна жетишкен. Дарыгер Ф. К. Зибберштейндин «чөнтөк дептеринде» кыргыз жергесинин ажайып жаратылышы тамшангандай сүрөттөлөт.

Жыргалаң айлында орус адамдарын жергиликтүү калк жылуу тосуп алган. Экспедиция өкүлдөрүн Акымбек бий менен Шералы бийдин айылдары коноктошкон. Саякатчы кыргыз меймандостугуна ыраазы болуп, ошол эле кезде аларды бөлүп-жарган уруулук араздашуу, барымтачылык сыяктуу терс көрүнүштөрдү кайгыруу менен белгилейт.

1874-жылдын август айынын башталышында Кокон хандыгынын түндүк-батыш аймагында орун алган Чаткал жергесинде хандыкка каршы башталган кыргыздардын көтөрүлүшү кульминациялык чегине жетти. Момун Шамурзаков баштаган 10 миң кыргыздар Алабука капчыгайы арыклуу Касан шаарына бет алышкан. Чартак жана Йаны курган чептеринде жайгашкан хандык бектер Сафедбулан кыштагына бекинишкен.

1874-жылдын 1-августунда кыргыздар кокондуктарга кол салышып, аларды кайра чепти карай сүрүшкөн. Кагылышта эки тарап тең оор жоготууга учурап, Касан шаар башчысы Намангандын кашындагы Төрө курганга качкан. Бош калган шаарды кыргыздар каршылыксыз ээлешкен.

Флигель-адъютант, полковник Витгенштейн Чоңсуу капчыгайы аркылуу качкан Абдылдабекти кууп, 1876-жылдын 1-августтунда Курчак капчыгайы аркылуу Чоңсууга чыккан. Жоодон качкан Абдылдабек жигиттери менен Кашкарга кетчү Туюксуу капчыгайына кирип изин таптырбай кеткен.

Генерал-майор М. Д. Скобелевдин маалыматына караганда Мунгуш уруу бийи Болот, Курманжан датканынын уулуна жазган каты боюнча Абдылдабекти издеп чыккан. Бирок анын кайда кеткендиги туурасында кабар алалбаган полковник Витгенштейн кайра кайтууга мажбур болгон.

Кыргыз АССРинин партия комитетинин чечимине ылайык Н. Г. Чернышевский атындагы Мамлекеттик китепкана 1934-жылдын 1-августунда улуу салтанат менен ачылган.

Бу күнү, 988-жылы Ыйык Владимир «Русту чокундуруп», 1964-жылы «Маяк» радиостанциясынын чакырыгы обого чыгып, 1774-жылы англис окумуштуусу Джозеф Пристли биринчи жолу таза кислород алып, 1790-жылы АКШда тарыхта биринчи болуп калк каттоо өткөрүлүп, 1793-жылы Францияда метрикалык система кабыл алынып, 1877-жылы АКШда ойлоп тапкыч А. Белл биринчи телефон компаниясын ачып, 1744-жылы француз натуралисти Жан Ламарк, 1870-жылы орус биологу Илья Иванов жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков, Бишкек
XS
SM
MD
LG