Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Беш өзбек качкынын мекенине кайтаруу маселеси каралууда


БИШКЕК. Учурда бул маселе каралып жатканын баш прокурор Камбаралы Конгантиев кечээки маалымат жыйынында билдирди. Баш прокурор Кыргызстанда турган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү өлкө мыйзамдарын сактоого тийиштигин айтып, БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгынын өкүлчүлүгү беш өзбек качкынына бир тараптуу түрдө качкын макамын ыйгарганы суроо туудуруп жатканын белгиледи. Учурда Оштогу тергөө абагында кармалып турган беш өзбек атуулу былтыркы Анжиан окуясынан кийин Кыргызстанга өтө качкан. Аларга качкын макамын берүү маселеси Жогорку сотко дейре жетип, бирок сот андан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG