Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Өзбекстанда ырчы, акын Дадахан Хасандын соту 4- августка которулду


Сот жараяны кечээ ачылып, чет элдик дипломаттар күтүлгөндөн арбын келген болчу. Эми бийлик чет элдиктер сотко кантип катыша аларын жана кайсыл жерде олтуруш керектигин чечмекчи. 66 жаштагы Дадахан Хасан өзбек президентинин беделине шек келтирген, конституцияга каршы иштери, коомдук коопсуздука коркунуч келтирген материалдарды даярдап, тартканы үчүн деп айтыпталууда. Ал эми укук коргоочулар Хасандын куугунтукталып жатышынын чыныгы себеби ал былтыр Анжиянда орун алган кан төгүү боюнча ыр жазгандыгы менен байланыштырышат. Дадахан Хасан антиорусиялык ырларды ырдаганы үчүн совет заманында да куугунтукка алынган. 1992-жылы өзбек бийлиги ага коомдук жайларда концерт өткөрүүгө тыюу салган эле.

XS
SM
MD
LG