Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Президент Курманбек Бакиев 57 жашка толду


Бишкек. Бүгүн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин туулган күнү. Ал 57 жашта. Мамлекет башчы туулган күнүндө жумуш күн тартибин бузган жок деп президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Бул күнү президент Өзбекстандагы кыргыз улуттук-маданий борборунун жетекчиси Аброр Каримов менен анын орун басары Күлүмжан Жумабаеваны кабыл алды. Курманбек Бакиевге куттуктоо телеграммаларын Россиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, түркмөнбашы Сапармурад Ниязов, тажик президенти Эмомали Рахмонов жана башкалар жолдошту.

XS
SM
MD
LG