АКШдан кайтып келген 12 качкын ким экенин, аты- жөнүн, жаш курагын эмдигиче эч ким билбейт. “Хюман Райтс Уоч” уюмунун Ташкендеги кеңсесинин башчысы Андреа Берг мындай маалыматтарды аныктоого, иликтөөгө мүмкүн эместигин айтты;
-Мен алар тууралуу эчтеке биле алган жокмун. Алар кайтып келгенде өзбек өкмөтүнүн жана Тышкы иштер министрлигинин Интернет баракчаларында чоң-чоң макалалар жарыяланган. Анда кызыл сыя менен 12адам Өзбек элчилигинин жардамы менен кайтып келишти деп айтылган. Бирок ал макалалар кайра тез эле Интернеттен жоголуп кетти.
Андреа Берг Анжияндан эч ким менен байланыша албайт. Себеби, кимдир бирөө менен сүйлөшө турган болсо аларды чоң коркунучка кептээрин түшүнөт. 2005-жылы 13-майдагы кандуу окуядан бери Кыргызстандын түштүк дубандарында жан багып жүргөн анжияндык айрым качкындардан гана бир аз маалымат ала алдык. Алар Анжияндагы тууган- туушкандары, тааныштарынан уккандары менен бөлүшүшүтү.
Максуд деген жигиттин айтымында, 12 качкындын тууган-уругу, үй-бүлөсү аябай сүйүнүп тосуп алышкан. Айыл тургундарынын кубанычын сүрөттөп бергенге сөз жетпейт дейт Максуд. Анын айтымында, АКШдан кайтып келген төрт аялдын күйөөлөрү Анжиян окуясынан кийин эле дароо камакка алынган. Аялдары кайтып келгендин кийин өзбек бийлиги аларды сентябрда бошотууну убада кылган.
Максуддун айтымында, бул качкындар мурдатан эле өтө жакыр жашагандыктан балдары да мектепке бара албай калган. Эми болсо өзбек бийлиги алардын АКШдан кайтып келиши үчүн балдарынын бакканга жана окутканга айына пособие берип турууну да убада кылган.
Аңгыча үчүнчү мамлекеттерге БУУ тараптан качкын катары жөнөтүлгөн башка качкындар да ата- журтуна кайтуу ниеттерин билдиришүүдө. 27-июнда Германияда жашап аткан качкындар Интернет аркылуу президент Ислам Каримовго кат жолдошкон. АКШда жашап аткан өзбекстандык качкындардын бири “Азаттык” радиосуна дал ушундай маанай аларда да бар экенин айтты. Аты-жөнүн айтпоону суранып, качкындардын көбү кетүүгө камданып, жакындарына белек-бечкек алып атышат деп билдирди. АКШга баш аягы Анжияндан качып келген 115 бозгун жөнөтүлгөн.
Бирок эл аралык уюмдар бул адамдар өз өмүрлөрүн кандай тобокелге салып атканын түшүнбөй атышат деп тынчсызданышууда. АКШдагы Качкындар жана иммиграция боюнча эл аралык институттун өкүлү Горан Дебелногич качкындар кайра мекенине кайтканы опурталдуу деген ойдо:
-Биздин укканыбызга караганда Өзбекстанда калган туугандары бир жактан, экинчи жактан өзбек өкмөтү кайра кайтууга көндүрүп жатышты. Адатта коомчулуктагы терс пикирлерден улам өкмөт алардын кайтышына кызыкдар. Бирок кайткандан кийин алардын тагдыры кандай болот белгисиз. Коопсуздугуна коркунуч келбейби, кеп ушунда.
“Хюман Райтс Уоч” уюмунун өкүлү Андреа Бергдин пикиринде, чет мамлекетке кеткен качкындар Өзбекстанда калган үй-бүлөөсүнүн же туугандарынын абалын ойлоп тынч жашай алышпайт. Ошол эле кайтып келип алган төрт аялды алсак, төртөөнүн тең күйөөлөрү камакта жаткан болуп атпайбы!?
-Эгер туугандардан кимдир-бирөө абакта жатса албетте ал жакындарынын жардамына муктаж. Мисалы? Ай сайын ага кийим-кечек, тамак-аш киргизип туруш керек. Мына ушундай кыйынчылыктардан улам качкындардын көбү артка кайтууну самап атышат,- дейт Андреа Берг.
2005-жылы Анжияндагы кан төгүүдөн кийин Кыргызстанга качып кирген 439 адам БУУнун качкындар комиссариаты аркылуу үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Алар учурда АКШда, Канада, Германия жана башка Европа мамлекеттеринде жашап атышат.