Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Жогорку Кеңеш менен Коргоо министрлигинин ортосунда имарат талаш күч алды


БИШКЕК. Кечээ кечки саат тогуздар чамасында коргоо министринин орун басары Замир Молдошев беш чоң аскердик автоунаа менен куралчан жоокерлерди баштап парламент имаратынын жанына келди. Ага Жогорку Кеңештин жетекчилиги министрликтин байланыш башкармалыгынын кызматкерлерин имаратка киргизбей койушу жана башкармалыктын чыгып кетишин талап кылышы себеп болгон. Көп өтпөй бул жерге ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов, Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Жаныш Бакиев баштаган адамдар келишти. Тараптар эки саатка чукул талашып-тартышып, акыры маселени чечүүнү бүгүнкүгө калтырышты. Коргоо министрлигин байланыш башкармалыгы парламент имаратына Советтер Cоюзунун учурунда жайгашып калган.

XS
SM
MD
LG