Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

УКРАИНА КАНДАЙ ЖОЛДУ ТАНДАДЫ?


Украинадагы акыркы саясий өзгөрүүлөр Кыргызстандагы саясатчылардын да көңүл борборунда болууда. Айрым саясатчылар президент Ющенко ыңкылапта жеңип чыккан атаандашына кайрадан чегинип берди деген ойлорун айтышса, кээ бир пикир ээлери Украинанын мамлекет башчысы өзүнүн номур биринчи атаандашы менен биригип, чыныгы демократияга карай туура кадам шилтегендигин билдирип жатышат.

Украинанын президенти Виктор Ющенко өзү “саргылтым ыңкылапта” жеңип чыккан атаандашы Виктор Януковичтин талапкерлигин өкмөт башчылыгына сунуштап, мамлекетти чогуу башкарууга макул болуу менен өзүнүн алсыздыгын көрсөттү деп баалаган саясатчылардын бири —Кыргызстандагы “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев. Анын пикири боюнча Ющенко орусчул партияларга жана коммунисттердин партиясына чегинип берди:

-Януковичтин партиясы жана аны колдогондордун 95% орустар. Ошондуктан, Ющенко орустарга чегинип берди деп айтууга болот. Бул жерден эң өкүнүчтүүсү—Украинанын чыныгы улуттук кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн партия—Тимошенконун партиясынын калып калганы болду,-дейт Топчубек Тургуналиев.

Ошол эле учурда Украинанын мамлекет башчысы өзүнүн партиясы менен негизги атаандашы Виктор Януковичтин партиясынын биригүүсүнө негиз болуучу декларацияга кол коюп, чогуу иш алып барууга ниеттенгенин колдоого алган көз караштар да арбын. Мындай пикир ээлери бул кадамы менен президент Ющенко чыныгы демократияга карай туура кадам шилтегендигин белгилешүүдө. Айтылган сөздөр боюнча, Украинанын парламенттик башкаруу формасын тандап алуусу —“саргылтым” ыңкылаптын бир талабы болчу.

“Президент артка чегинген жок, тескерисинче демократияга бара жатат” деген пикирин саясатчы Бегиш Ааматов да билдирди. Анын айтуусунда, президент Ющенко ыңкылапта коюлган негизги талапты аткарды:

-Өзүнүн саясий атаандашын, саясий каршылашын өкмөт башчылыгына коюп жатат. Менимче бул жол менен Украина туура жолдо бара жатат. Анткени “саргылтым” ыңкылап мезгилинде Ющенко элге Украинада демократияны орнотом деп сөз берген, ошол сөзүндө турду. Мына ушундай жол менен барууга тийишпиз.

Айрым саясат таануучулар “саргылтым” ыңкылап мезгилинде азыркы президент Виктор Ющенко менен анын атаандашы Виктор Януковичтин жактоочуларынын бөлүнүүсүнөн соң Украина чыгыш жана түндүк деп экиге бөлүнүп калгандыгын белгилешет. Президент Ющенконун атаандашын өкмөт башына алып келүүсү мына ушул жараканы бириктирүүгө болгон аракет деген пикирлер да бар.

Өткөн жылы март айындагы ыңкылаптын жигердүү катышуучуларынын бири болгон “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова да Украинадагы акыркы саясий өзгөрүүлөрдү биригүү үчүн жасалган аракет деп баалады. Ал Украинадагы биригүүнү өткөн жылы Кыргызстанда болгон Бакиев-Кулов тандеми менен салыштырды:

-Украинадагы ыңкылап мезгилинде эл кантип экиге бөлүнүп калганын көргөм. Ошондой эле акыбал өткөн жылы март айынан кийин Кыргызстанда да түзүлгөн. Түндүктүн эли Кулов үчүн добуш беребиз деп, ал эми түштүктүн эли Бакиевди гана колдойбуз деп турушкан. Ошол учурда абалды түшүнгөн экөө: Бакиев менен Кулов саясий тандем түзүп, кырдаалдын туруктуулугун сактап калышкан. Ошол кадам бүгүн Украинада жасалып жатат. Бул туура жол деген үмүттөмүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG