БИШКЕК. Ливан-Израил согушун тынчытууга чечкиндүү чара көрбөгөн БУУнун жана дүйнөдөгү күчтүү державалардын кайдыгер мамилесине нааразылык билдирип Кыргызстан патриоттук партиясы дүйшөмбүдө коомчулукка билдирүү таратат. Бул тууралуу аталган партиянын саясий катчысы Назарбек Нышанов 5-августта “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ливан-израил соугушуна кыргыз бийлиги саясий баа берүүгө эрки жетпей жатат. БУУ, Европа биримдиги, НАТО, ШКУ сыяктуу кадыр-барктуу уюмдар ливан-израил чатагын жөнгө сала албаса, анда алардын Ортоазияда тынчтыкты камсыз кылуусуна ишеним жоголот, дейт Нышанов.