Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

ТАЛАСТА КУУРЧАК ТЕАТРЫНА МАТЕРИАЛДЫК КОЛДОО КЕРЕК


Амантуров атындагы облустук китепканананын алдында түзүлгөн куурчак театры 1998-жылы аталган китепкана өткөргөн марафондон түшкөн каражаттын негизинде уюшулган. Мына ошондон тарта эч кандай финансылык колдоосу жок иштеп келсе, 2002-жылы Швейцариялык кызматташтыкты жана өнүктүрүү борборунун “Тилекке тирек” программасы боюнча долбоор жазышып грант утуп алышкан. Мына ошол каражаттын эсебинен куурчактарды сатып алышып, жаңы спектаклдери менен Талас облусунун баардык айылдарына гастролго чыгышып, мектеп окуучуларына оюндарын тартуулашкан.

Китепканананын жетекчиси Айгүл Турузалиеванын билдиргенине караганда китепканананын кызматкерлери бир эле учурда актерлук кесипти да аркалашат.

-Эч кандай акча каражаты каралбагандан кийин кыздар китепканадан алган айлыктарынын негизинде гана спектаклдерде ойношот. Бир эки жылдай жакшы иштедик, быйыл эле акчанын тартыштыгынан эч жакка гастролго чыга албай калдык. Жергиликтүү маданият башкармалыгынан деле колдоо көрсөтүлбөйт.

Мамлекет тарабынан эч кандай жардам болбогондуктан куурчак театры ар кандай акцияларды өткөрүүгө атайын сценарийлерди жазышып, спектакль коюп каражат тапканга аракеттенишет. Ошондой эле бир жерлерде спектаклдерди балдар үчүн акысын төлөтүп көрсөтүшөт. Бул театр ошондой эле балдардын эс алуу борборлорунда көбүрөөк болушат. Мына ошондой борборлордун бири Таластагы “Барчын” эс алуу жайы. Азыр жүздөн ашык бала эс алууда. Борбордо баардык шарттар түзүлгөн. Атайын кинозалдары, бассейндери, стадиону бар. Эс алуучулардын бири Фируза бул жерге жылына келеерин айтып борбор тууралуу мындай дейт:

-Мага апам жылына жолдомо алып берет, андыктан жыл сайын келип эс алып кетем. Бул эс алуучу жай мага абдан жагат. Таластын эң сонун жери ушул жер деп ойлойм. Бул борбордон ойнойбуз, бий кечелери жана ар кандай сынактар өткөрүлүп турат.

“Барчын” эс алуу жайына Талас облусунун баардык райондорунан балдар келишет. Ал эми жетим балдар болсо акысыз эс алганга жолдомо алышат. Жалпылап айканда жылына беш жүздөн ашык бала эс алат. Борбордун жетекчиси Сабира Акботоеванын айтымында быйыл каалочулардын саны арбын.

-Ата-энелерден жолдомо сурагандар көп. Жолдомонун баасы негизинен эки миң сом анын он үч пайызын төлөшөт. Ал эми бул борборго он беш жашка чейинки балдар кабыл алынат.

“Барчын” эс алуу жайы өкмөт тарабынан каржыланат. Ал эми борбордогу тарбиячылар көбүнчө облустагы жогоркуу окуу жайлардын студенттери. Алар жайкы эс алуу убагында көмөк көрсөтүү менен бирге акча да табышат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG