Өкмөттүк "Узинфо" интернет сайтынын билдиргенине караганда, Уламалар кеңеши муфтийликке буга чейин Самарканд облусунун казысы болуп иштеп келген Усман Алимовду бекитти. 56 жаштагы Алимов Ташкенттеги Ислам институтунун бүтүрүүчүсү.
Расмий маалыматка караганда, мурдагы муфтий Абдурашид Бахромов кызматтан ден соолугуна байланыштуу кеткен. Бирок көз карандысыз булактар анын муфтийликтен кетишинин башкы себебин өлкөдө диссиденттик диний топтордун жайылышын токтото албагандыгына байланыштырып жатышат.