Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

ДҮЙНӨНҮН «ЭРКИНДИК ТИЗМЕСИ», ПОЮЗГА БЕЛЕТ ТАБУУ ТОЗОГУ


«Аргументы и факты в Кыргызстане»

"Аргументы и факты" Дүйнө өлкөлөрүнүн кимиси канчалык эркин экендигинин рейтинг-деңгээлин жарыялады. Гезит маалыматы боюнча дүйнөнүн «эркиндик тизме-
сине» кирген 159 өлкөсүнүн ичинен Кыргызстан 106-орунда экен. Маселен КМШ өлкөлөрүнөн Грузия-58, Армения-79, Орусия-124-орунда. ” Эркиндиги канааттандырарлык» деп таанылгандардан Литва-16, Латвия-21 орунду ээлеген.

Дүйнөнүн эң эле эркин аймагы-Европа, эң эле эркин өлкөсү- Эстония. Ал эми дүйнө жүзүндөгү эркин эмес деп таанылган өлкөлөрдүн катарына Өзбекстан,
Беларусь, Түркмөнстан кирген.

Бул күндөрү Москва-Бишкек каттамындагы поюзга белет табуу тирүүнүн тозогуна айланууда. Белет сатып алуу үчүн бир айлап кезекке туруу керек. Буга карабастан Маскөөгө «айылчылагандардын» агымы тыйыла турган эмес. Анткени
Кыргызстандан арзыбаган тыйынга сатып алган товарды ал жактан ойдогудай кымбатка сатып туйтунууга болот. Бирок ошол эле учурда Кыргызстандын поюзунун ички санитардык абалы өтө жан кейитерлик абалда. Чаң соргучту мындай кой
иче турган суу, самын менен даараткана кагазы кадимкидей проблемага айланган.

« " "МСН"

"МСН" гезити Жапон өлкөсү Кыргызстандын жолдорун оңдоп чыгуу үчүн 5 млн.
долларлык долбоорду турмушка ашырганы калганын, эртең долбоордун документине Жапониянын Кыргызстандагы өкүлү Тацухико Касай менен
Кыргызстандын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров колдорун коюшарын жазды. Буюрса Бишкек-Торугарт жолунун багы эми ачылат окшоп
калды.
"ЭНЕСАЙ"

Гезит «Жанкечтинин бир тууганы кармалды» деген кабарында Айдаркен чегара отрядынын жоокерлери куралчан адамды колго түшүргөнүн, ал ушул
жылдын 12-майында Кыргызстандын "Ак турпак» жана « Ляккан» чегара бөлүктөрүнө кол салган Мадамин Шадиевдин бир тууган иниси болуп чыкканын,
бул адам «Хизб-ут Тахрир» диний-экстремисттик партиянын мүчөлөрү менен байланышы бар экенин жазат.


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG