Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

БҮГҮН РИЧАРД БАУЧЕРДИН БИШКЕКТЕГИ САПАРЫ БАШТАЛАТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн - 10-августта АКШнын Мамлекеттик катчысынын Чыгыш Азия жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучердин Кыргызстандагы иш сапары башталат. Баучер президент, өкмөт башчысы, саясий партиялардын мүчөлөрү менен жолугушуп, эки тараптуу саясий-экономикалык кызматташтык, Борбор Азиянын коопсуздугу, Ганси маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү болжолдонууда. Ал эми айрым байкоочулардын пикиринде, Баучер учурда кризиске кептелген кыргыз-америка байланышынын себептерин талкуулашы мүмкүн.

Расмий бийликтин маалыматына караганда АКШнын мамлекеттик депертаментинин өкүлүнүн иш сапары учурунда кыргыз-америка мамилелери, соода-экономикалык байланыштар, коопсуздук маселелери талкууланаары болжолдонууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов 8-августта АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович менен жолугушуп Кыргызстандагы саясий-экономикалык абал тууралуу пикир алышканын билдирди. Анын айтымында, Ричард Баучер өлкөнүн түштүк аймагындагы окуяларга өзгөчө маани бериши мүмкүн.

- Баучер мырза ушул сапарында саясий партиялардын өкүлдөрү, парламенттин айрым депутаттары менен жолугушуп бир катар орчундуу проблемаларды талкуулайт. Дипломаттардын чатагынан сырткары Кыргызстандагы ички саясий абал, түштүк аймагындагы акыркы окуялар боюнча кыргыз бийлигинен маалымат алып, пикир алышат деп ойлойм,-деди Эдил Байсалов.

Белгилүү саясатчы Бакыт Бешимовдун көз карашында Ричард Баучер кыргыз-америка мамилесинин учурдагы абалына маани бериши мүмкүн.

- Кыргыз-америка мамилеси азыр кризисте. Менимче мына ошол кризистин себептери жөнүндө сөз болушу керек. Менин жеке пикиримде, кыргыздын улуттук кызыкчылыгын эске алып туруп азыркы учурдагы жалгыз супер-держава АКШ менен өтө жемиштүү, пайдалуу мамиле түзгөн туура болот эле. Биз эки тараптуу мамиледеги кризистен эч бир пайда таппайбыз. Тескерисинче жоготууга учурайбыз. Ошондуктан азыркы “Чокчолой баатырлардын” чолок саясатын токтотуп туруп, туура мамиле түзгөнү оң.

Бешимов ошондой эле кыргыз бийлиги жолугушууда кыргыз-америка байланышында демократиялык багытта шериктештик түзүү, экономикалык өнүгүүдө Кошмо Штаттарынын салымы, жарандык коомду өстүрүү боюнча конкреттүү маселелер козголсо жолугушуулар өз жемишин берерин билдирди.

Ричард Баучер үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Кыргызстанга келип жарандык коомдордун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда президенттин демократиялык багыттагы жана шайлоо алдында берген убадалары унутта калганы тууралуу сөз болгон.

XS
SM
MD
LG