Президенттик маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы менен президент Бакиев кыргыз-америка мамилелери, эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуусу жана эл аралык терроризмге каршы чогуулап күрөшүү тууралуу сүйлөшүштү. Маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча ошондой эле тараптар Кыргызстандын экономикасына АКШдан инвестиция алып келүү жөнүндө да пикир алышышты.
АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция алып келүүгө кызыкдар экендигин кечке жуук ишкерлер менен болгон жолугушуусунда билдирген. Бул тууралуу Ричард Баучер менен жолугушуп чыккан ишкерлердин бири, “Кыргызконсепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев “Азаттыкка” айтты:
-Ричард Баучер мырза АКШдагы чоң компаниялардан Кыргызстандын энергетика тармагына кызыгып жаткан, бул тармакка инвестиция апкелүүгө кызыкдар болгон ишкерлер бар деген оюн билдирди.
Эмил Үмөталиевдин сөзүн Кыргызстандагы ишкерлер ассоциациясынын президенти Өмүрбек Абдрахманов да кубаттады. Анын айтуусунда АКШ Кыргызстандын энергетикасын түштүк Ооганстандан Пакистанга чейин тартуу жагына кызыгып жаткандай:
-Түштүк Ооганстандан Пакистанга карай энергетика тартылса, ушул аймакта экономикалык өсүш болуп, чоң өнүгүү болмок деген оюн айтты. Анын айтуусунда АКШ бийлиги өздөрүнүн ишкерлерине жана энергетиктерине ушул тармакты өздөштүрүү тууралуу сунушун айтып жатыптыр.
Ишкерлердин айтымында, АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Кыргызстандагы салык саясатына жана жалпы эле экономикалык шарттарга кызыгуусун билдирген. Ошондой эле Ричард мырза ишкерлердин америкалык уюмдар менен иш алып баруусу кандай жүрүп жаткандыгына да кызыккан.
Айрым саясатчылар АКШ мамлекеттик катчысынын бул жолку иш сапары акыркы убактарда солгундап бара жаткан кыргыз-америка кызматташтыгын кайра ордуна коюу максатында болгондугун белгилешүүдө. Мындай пикирлерди Кыргызстандын ишкерлер ассоциациясынын президенти Өмүрбек Абдрахманов да колдоого алды. Анын айтуусунда кыргыз бийлиги айрым бир чоң мамлекеттердин тактекеси болгонду токтотууга тийиш:
-Эгерде Кыргызстан бир чоң держава менен жакшы алака түзүп, экинчиси менен мамилесин үзүп салса, биздин эгемендүүлүгүбүзгө коркунуч туулушу мүмкүн. Биз Орусия менен да, АКШ менен да жакшы карым-катышта болууга тийишпиз. Бизге эгемендүүлүк алган он беш жыл ичинде Америка көп жардамын берди,- дейт Өмүрбек Абдрахманов.