БИШКЕК. Спирт жана алкоголь ичимдиктерин чыгаруу, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин деректирлигине кимдин талапкерлиги өткөндүгү бүгүн маалым болот. Аталган агенттиктин жетекчилик кызматына конкурс жарыяланып, тогуз талапкер ат салышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.